Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:47

АПТА ЖАҢЫРЫГЫ: “АК ЖОЛ”. АКЫЙКАТЧЫ. УТРК


Жогорку Кеңеш Кыргызстандын жаңы акыйкатчысын шайлады. Парламент Борбордук шайлоо комиссиясынын 6 мүчөсүн аныктады. Бул орундарга “Ак жол” партиясы сунуштаган гана талапкерлер келди. Улуттук телерадио корпорациядагы жаатташкан тараптар мунасага жетишти. “Азаттык” үналгысынын “Апта жаңырыгы” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышы ушул окуяларга арналды.

14-февралда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын жаңы акыйкатчысын шайлады. Бул орун үчүн бардыгы болуп беш талапкер: укук коргоочулар Турсунбек Акун, Каныбек Абдыкадыров, Бүайша Арстанбекова, Турсунбай Бакир уулу жана Салима Шарипова ат салышты. Ошентип депутаттардын көпчүлүк добушу менен бул кызматка президент тарабынан сунушталган белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун келди.



Турсунбек Акун суроолорго жооп берип жатып, Акыйкатчы институту эл менен бийлик ортосунда данакер болушу керектигине токтолду:

-Мен ойлойм, бул институттун максаты – бийлик менен коомчулук, бийлик менен карапайым эл ортосунда бир данакер боло турган институт болуш керек. Акыйкатчы данакер боло турган адам болуш керек. Арыздар менен иштөө, түшкөн арыздарды кароо бул негизги максат болбош керек. Эң негизгиси – президент, парламент, өкмөт адам укугу боюнча концепициясын иштеп чыгыш керек. Саясатты иштеп чыга турган чоң институт болуш керек.

Ошондой эле ал бул кызматта канчалык принципиалдуу болоору тууралуу суроого мындайча жооп узатты:

-Менин трагедиям дагы, кубанычым дагы, турган турпатым – адам укугун коргоо. Мен башка бир дагы жумушта иштеген жокмун. Менин жашоом – адам укугу. Ошон үчүн эгерде мен бул иште принципиалдуу болбосом, анда кандай иште принципиалдуу боло алам?

Суроо-жооп учурунда Турсунбек Акунду бир катар депутаттар чуу көтөрбөй токтоо болууга, президенттин жүргүзүп жаткан саясатына каршы пикирде болбоого чакырды.

Ошол эле учурда коомчулукта Турсунбек Акун эми акыйкатчы катары алдына койгон максаттарынын өтөөсүнө чыгаарына арсар болгондор да жок эмес. Маселен саясат таануучу Карыбек Байбосунов анын бул жаатта жаңы кадамдарга барышына ишене бербейт:

-Андан акыйкатчы чыкпайт. Себеби Турсунбекте биринчиден, билим жок, Турсунбай Бакир уулундай тажырыйба дагы жок. Юридикалык билим дагы жок. Анан Турсунбек Акундун мындай артка бермей жагы көп. Чын эле акыйкатчы болуп кетишине мен ишенбейм.



Канткен менен Турсунбек Акундун акыйкатчылыкка келишин көптөгөн укук коргоочулар колдошууда. «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун башчысы Төлөйкан Исмаилова анын өлкөдөгү адам укуктарына байланышкан абалды жакшы жагына өзгөртүүгө салым кошооруна үмүт артат:

-Бул чоң жоопкерчилик. Ошон үчүн радикалдуу өзгөрүүлөрдү, жакшы иштерди жасайт деп ишенебиз. Анткени биринчиден, адам укугу боюнча эл аралык деңгээлдеги келишимдерди Кыргызстан кандай аткарып жатат? Бүгүнкү күнгө чейин кандай маалыматты бере элек? Мына ушул маселелер көп. Ал иш боюнча Турсунбек Акун жакшы билет. Экинчиден, Кыргызстандын “5-10 жыл алдыда адам укугун кандайча өркүндөтөбүз?” деген суроолор турат. Ошон үчүн мурункудай адам укугу боюнча улуттук план жөн эле формалдуу эмес, бүгүнкү күндө практикалык жакта кыска мөөнөттө жана узак мөөнөттө кандай чараларды көрөбүз, деген маселелерди укук коргоочулар жана бийликтин келишимдерди чече турган адамдар менен чогуу иштей алат деген үмүт бар. Акыркы жылдары адам укугу ушунчалык басмырланып, керек болсо, көп жылдан бери келген аракеттерибиздин бардыгы текке кетип жатат. Бирок Турсунбек Акун келгени менен биз ойлойбуз, көп иштер башкача иштелет деп.

Ошентип Турсунбек Акун өлкөнүн экинчи акыйкатчысы болуп калды. Акыйкатчы институту Кыргызстанда 2003-жылы түзүлгөн. Бул кызматта буга чейин Турсунбай Бакир уулу иштеп келгени белгилүү.

Парламент Борбордук шайлоо комиссиясынын алты мүчөсүн аныктады



Бейшембиде Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын 6 мүчөсүн да шайлады. БШКнын парламент тарабынан шайланчу алты мүчөсүнүн ордуна бардыгы жыйырма талапкер сунушталып, алардын бирөөсү өз талапкерлигин алып салды. «Ак жол» фракциясы бул орун үчүн 6 талакер сунуштап, калгандары башка депутаттар тарабынан көрсөтүлгөн. Ошентип депутаттар он тогуз талапкер үчүн добуш беришти.

Талкуу учурунда айрым депутаттар БШКнын буга чейинки ишине да баа берип, анын мүчөлөрү принципиалдуу болушу керектигине токтолушту. СДПнын депутаты Ирина Карамушкина «парламенттик шайлоонун жыйынтыгы биздин жарандар үчүн таза шайлоо деген кагазда, мыйзамды сыйлоо сөздө гана калганын көрсөттү, азыр бир гана партиянын кызыкчылыгы корголууда» - деп айтты.

«Акжолчу» депутат Кубаныч Жолдошев болсо мындай жүйөөгө дароо макул эместигин айтып чыкты:

-Шайлоо өз нугунда, Конституциянын, шайлоо кодексинин негизинде өттү. «Ак жол» менен бирге азыр СДП, Коммунисттер фракциялары отурат. Бул демократия эмеспи? Эгер башка жол менен кетсе 90 депутаттын баары «Ак жолдон» болсо деле болот эле.

СДПнын дагы бир депутаты Иса Өмүркулов болсо, БШК курамына бир гана партиянын талапкерлери келиши калыстыкка жатпастыгын белгилеп, 2005-жылдагы март окуясынын чыгышына да дал ушул БШКнын адилетсиз чечимдери себеп болгонун эске салды:

-Эгерде бул принципти буза турган болсок, мен ойлойм, келечекте Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир чатактын башталышы, булагы болот. Муну биз баштан өткөргөнбүз. Мына өткөн 2005-жылкы окуялар мына ушундай гана туура эмес, адилетсиз чечимдерге байланыштуу башталып, көтөрүлүш болуп, ушундай эл арасында нааразчылыкты туудуруп, чыр-чаттакка айлантып келгенин бардыгыбыз көргөнбүз. Эгерде “демократия” деп сөздү айтып, бирок иш жүзүндө бир гана партиянын кызыкчылыгын көздөсөк, кайдагы демократия?

Ошентип жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында «Ак жол» сунуштаган Гүлнара Исабекова, Абдыжапар Бегматов, Самат Борубаев, Чынгышбек Исмаилов, Алексей Елисеев жана Мирбек Жакыпов БШК мүчөлүгүнө шайланганы белгилүү болду. Мындай жыйынтык жарыяланган соң депутат Исхак Масалиев гендердик теңчилик боюнча мыйзамдын талабы бузулганын, кеминде 2 мүчө башка жыныстан болуш керек деген талап сакталбаганын айтып чыкты.

БШКнын кемчиликтерин ачык айтып келген мурдагы мүчөлөрдүн дагы бири Акылбек Сариев парламенттеги негизги фракциянын аракети кандай болсо, эми БШК да ошондой болот деген ойдо.



«Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын башчысы Динара Ошурахунованын пикиринде, БШК мурда эле бийлик каалаган чечимдерди кабыл алып келген, бирок анда аз болсо да маселеге калыс карап, өз оюн ачык айткан мүчөлөр бар эле:

-Буга чейин бир нече мүчөлөрү аз да болсо, оппозициялык маанайда болуп, кээ бир мыйзамдуу эмес чечимдерге каршы чыгып, өз ойлорун айтып келген. Эми ал адамдар дагы айтпай калышты. Биз ойлойбуз, эгерде буга чейин жок дегенде ошол үч адамдын аркасынан ошол Борбордук шайлоо комиссия кандай чечимдерди кабыл алып жатат жана кайсы мыйзам чегинде иштеп жатканын билсек, эми азыр андай мүмкүнчүлүктөн ажырадык. Анткени бул “жабык” комиссия болду. Бизге ал жерге жол жабылды. Өткөн парламенттик шайлоонун расмий маалыматын толук ала элекпиз. Азыр жалаң гана эле “Ак жол” партиясы сунуш кылган адамдар киргенден кийин мындай маалымат алганга мүмкүнчүлүк да болбойт.

Ошентип БШКнын Жогорку Кеңештен шайланчу курамы «Акжол» партиясы сунуштаган талапкерлерден гана куралды. Мыйзам боюнча эми БШКнын калган 6 мүчөсүн президент дайындашы керек.

Улуттук телерадио корпорациядагы жаатташкан тараптар мунасага жетишти



Апта ичиндеги негизги окуялардын дагы бири Улуттук телерадиокорпорациядагы жаатташкан тараптардын тил табышып, мунасага келиши болду. УТРКнын ондон ашуун кызматкери жетекчиси Мелис Эшимкановдун кадр саясатына нааразы болуп, 31-январда ачкачылык акциясын башташкан эле. Алар жетекчилик реформага шылтоолоп, кызматкерлерди мыйзамсыз бошотуп жатат деп айыпташып, Мелис Эшимкановду кызматтан кетирүү талабын коюшкан.

Бул арада абалды жөнгө салуу үчүн маданият жана маалымат министри Султан Раев баштаган комиссия түзүлүп, жаатташкан тараптарды элдештирүү максатында бир канча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Натыйжада эки жума ачкачылыкта отурган он чакты кызматкер 13-февралдагы акыркы сүйлөшүүдөн соң мындай нааразылык чарасын токтотту:

-Шарттарды түзүп берели, түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Келгиле иштейли деп тил табыштык. Жакшы маанайда, күлүп-жайнап тарадык, - дейт УТРК башчысынын орун басары Эрнис Кыязов.

Ачкачылык жарыялагандардын башында турган УТРКнын жетекчисинин мурдагы орун басары Бейшенбек Бекешов да тараптар мунасага келгенин айтат:

-Баштаган комиссия, “өлкөдөгү стабилдүүлүк, жамааттагы ынтымак үчүн жарашкыла” деп бизди ишендирди. Мурда бузулган эмгекти, укуктарыбыздын бардыгын Мелис Эшимканов кайра калыбына келтирүүгө убада берди. Анан биз сүйлөшүүүлөргө бардык. 3-4 жолу ызылдаштык, алды менен уруштук, тартыштык. Акырында мунасага келдик.

Мындай келишүүгө ылайык, эми алар дүйшөмбү күндөн тарта жумушка чыгышмакчы.

Ошол эле учурда айрым серепчилер УТРК жетекчилиги кырдаалдан минтип чыгуу менен жамааттагы башка кызматкерлерге да ушундай чара колдонууга өбөлгө түзгөнүн белгилешүүдө.

УТРК башчысынын орун басары Эрнис Кыязов да алдыда кызматкерлерди аттестациялоо маселеси күтүлүп жатканын, бирок жетекчиликке азырга дейре милдетин аткаруучу болуп, бул кызматка толук бекитилбей турушу реформаны көздөгөн кадамдарга тоскоол болуп турганын, ушундан улам УТРК боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу менен өлкө башчысына кайрылуу жолдонгонун айтат:

-УТРКнын жетекчилиги буга чейин көптөгөн сунуштарды Акүй тарапка берген. Эми бардыгы президенттин указына байланыштуу болот. Ошол указ чыккандан кийин башкы директордун укугу кеңейет. Ошол укуктарга жараша кадрдык саясат дагы, чыгармачылык багыт дагы ошого жараша аныкталат. Албетте сөзсүз түрдө аттестациялоо болот. Таланттуулар калат, талантсыздар иргелет дегендей. Ошол учурда дагы жанагындай мыйзамдуу-мыйзамсыз экенине карабай эле ачкачылык жарыялайм дегендер боло турган болсо, мамлекеттик деңгээлде чечиле турган иш болуп калышы ыктымал. Муну убакыт көрсөтөт. Азыр биринчиден, башкы директор дагы, анын орун басары дагы милдетин аткаруучу болуп турабыз. Анан эмне деп айтсаң деле, мындайча айтканда тоотпой, же ишенбей, катардагы кызматкерден баштап ошентип чыгып жатышпайбы.

Мыйзам демекчи, былтыр апрелде президент кол койгон «Улуттук телерадиокорпорация тууралуу» мыйзамга ылайык, УТРК башчысы байкоочу кеңеш тарабынан беш жылга шайланышы керек эле. Бирок мурдагы парламент тарабынан түзүлгөн байкоочу кеңеш былтыр күздө ишин баштабай жатып ыдырап кеткени белгилүү.

Улуттук телерадиокорпорацияны коомдук телекөрсөтүүгө айлантуу максатында түзүлгөн Байкоочу Кеңеш кеткен мүчөлөрү кайра келгенин жарыялап, ушул жумада бир катар чечимдерди кабыл алууну болжогон.

Ошентип алар кайра чогулмакчы болуп жатканда парламенттин билим, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитети анын курамына байланышкан маселени карап, мыйзамга ылайык бир жолу арыз жазып кеткен мүчөлөр кайра кабыл алынбастыгын, эми ошол 9 мүчөнүн ордуна кайра жаңы мүчөлөр келиши керектигин чечти. Комитет эми бул маселени жакын арада парламенттин жалпы жыйынына алып чыкмакчы.

Байкоочу Кеңештин курамындагы пикир келишпестик негизинен былтыр октябрь айында төрага шайлоодон чыгып, көпчүлүк мүчөлөрү өз ыктыяры менен кетээрин жарыялаган соң, кворум болбой, ошондон бери чечим кабыл алынбай калган. Ага саясий оюндар себеп болгонун Байкоочу Кеңештин айрым мүчөлөрү учурунда өздөрү да моюндашкан.

Мыйзамга ылайык, Байкоочу Кенештин жалпы курамы 15 адамдан туруп, президент, парламент жана жарандык коомдон сунушталган талапкерлерди Жогорку Кеңеш беш жылга шайлайт. Эми ошол тараптар кеткен мүчөлөрүнүн ордуна кайра өз талапкерлерин сунушташы керек.

Медиа өкүлчүлүк институтунун жетекчиси Илим Карыпбековдун баамында, эми Байкоочу Кеңеш бийликтин айтканынан чыкпаган мүчөлөр менен толукталышы мүмкүн, бирок кандай болгон күндө да коомдук телекөрсөтүүгө карай кадам ташталыш керек:

- Жогорку Кеңеште «Ак жол» фракциясы көпчүлүктү түзгөн соң президентке жакын, анын сөзүн эки кылбаган адамдар Байкоочу Кеңешке шайланат. Демек толукталган курамга бийликтин айтканынан чыкпаган мүчөлөр келет десек болот. Бирок ошентсе деле байкоочу кеңеш бар. Ал сөзсүз шайланып, коомдук телекөрсөтүү болбосо да, анын көлөкөсү деген сыяктуу алга кадам таштап башташы керек.

Ошентип эми Байкоочу Кеңештин курамы Жогорку Кеңеш тарабынан кайра толуктала турган болду.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Тектеш

XS
SM
MD
LG