Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:12

Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек Косово Сербиядан көз карандысыздыгын бүгүн жарыялайт. Муну бүгүн эртең менен Приштинадан Косовонун президенти Фатмир Сейдиу ырастады. Ал өзүнөн мурдагы президент Ибрагим Ругованы эскерүү үчүн анын бейитине келген эле.

Көз карандысыздык боюнча декларация косово парламентинин Бишкек убактысы боюнча саат сегизде башталуучу сессиясында кабыл алынары күтүлүүдө. Парламенттин сессиясында Косовонун желеги жана мамлекеттик башка символдор бекитилет.

Косовонун көз карандысыздык алуусуна провинциядагы серб азчылыгы каршы, ал эми Сербия жана Орусия мындай кадамды мыйзамсыз деп эсептейт. Анткен менен АКШ жана Еврошаркеттин ири өлкөлөрү жаңы мамлекетти тааныры күтүлүүдө.

Эгерде Көз карандысыздык боюнча декларация Косово парламентинин сессиясында кабыл алынып калса, бул Балкан аймагына, дегеле, дүйнөдөгү ушул өңдүү аймактарга кандай таасир тийгизиши мүмкүн?

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри, учурда “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкулов:

-Косова эгемендүүлүк жарыяласа, жалаң эле Балкандагы мамлекеттерге таасир этпей, бүт Европа жана дүйнөлүк саясатка чоң таасир берет. Анткени өзүңөр билесиңер, Грузияда Абхазия бар, Түндүк, Түштүк Осетиялар бар. Көп мамлекеттердин арасында сепаратизмге окшогон чоң маселелер бар. Ошон үчүн аларга үлгү болуп кетиши мүмкүн.

Анан ар кайсы мамлекеттердин ички улуттук аралык маселеси күчөшү мүмкүн. Мен ойлойм, бул маселени шашпай Сербиянын жетекчилери менен Евробиримдик талкуулап, БУУ өз пикирин айтса, калыстап, баарын салмактаса жакшы болмок.

Геосаясий жактан Чыгыш менен Батыштын ортосунда ансыз деле маселелер көп болчу. Бул маселе дагы курчушу мүмкүн. Анын үстүнө саясий чоң чыңалуу болот. Дегеле эл аралык мамиленин курчушу дүйнө коомчулугуна пайда келтирбейт.

Салгылашуу болот же болбойт деп айта албайм, бирок саясий абал Балканда аябай курчуйт. Анткени, Улуу Албания деген концепция бар. Македония, дегеле Югославияга кирген мамлекеттердин, азыркы Хорватия - бул жакта албандыктар көп. Алар дагы “өзүнчө бөлүнүп чыгабыз, Албанияга кошулабыз” деп чыкса, чоң чатак башталат.

Эл аралык мамилелер боюнча адис Бекбосун Бөрүбашов:

- БУУнун өзүнүн уставы бар. Ошол устав боюнча ар бир мамлекеттин аймагы, жери бөлүнбөш керек, жарылбаш керек. Негизги БУУнун он принцибинин бири ушундай. Аймактык бүтүндүүлүк деген принцип бузулат.

Өз алдынча мамлекет болуп калса, Сербиянын территориялык бүтүндүүлүк принциби бузулат. Менимче, бул дүйнөдөгү башка мамлекеттерге, мисалы, жер шаарынын бардык континенттеринде, бардык райондорунда этникалык принциптердин негизинде өз алдынча бөлүнүп кете турган мамлекеттер бар. Ушуга прецедент түзүлөт. Бул жакшы эмес. Анткени, Сербиянын өзүнүн мамлекеттик суверендүүлүгү бузулуп жатат.

Батыш Европа мамлекеттеринин көпчүлүгүндө жана АКШда кош стандарттуулук бар. Мисалы, өздөрүнө ылайык саясат жүргүзгөн мамлекеттерге алар көз жумуп коюшат. Ошол эле убакта башка мамлекеттерде, мисалы, Абхазия, Кипр, Осетия боюнча ушул маселелер турат да. Мына ушуларга келгенде эл аралык укукка таянышат. Мамлекеттин суверендүүлүгүн сактап калууга аракет кылашат дагы, ал эми Косово сыяктуу мамлекеттерге көз жумуп, макулдугун берип жатышат.

Менимче, геосаясий жактан дагы мааниге ээ. Косово Европанын түштүгүндө турат. Экинчиден, азыр славян мамлекеттерине каршы ушундай жагдайда бөлүп-жаруу саясаты жүрүп жатат.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициянын башчысы Динара Ошурахунова:

- Мына Чечняда деле канчалаган элдер чыгышты эле "эгемендүүлүк курабыз" деп. Орусиядан канча жолу бөлүнөбүз дегени менен ишке ашкан жок. Ал согушка айланып, канча жылдан бери маселе чоң проблемага айланды.

Бөлүнүп жаткан адамдардын укугу сакталышы керек. Албетте аларда дагы өзүнүн эгемендүүлүгү болуш керек. Бирөөнүн дагы укугу бузулбаш керек. Косовонун ичиндеги адамдар эмне үчүн бөлүнгүсү келип жатат? Алардын деле өзүнүн бир себеби болуш керек. Ал себепти караштырыш керек.
XS
SM
MD
LG