Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:27

Жыл башында Орусиянын аймагында Кыргызстандын беш атуулунун өлтүрүлүшү өлкөдө олуттуу тынчсызданууну пайда кылды. Коомдук уюмдар билдирүү менен чыгып, орус бийлигине күнөөлүүлөрдү жазалоо талабын койду. Расмий бийлик да кайдыгер калган жок. 14-февралда Коопсуздук кеңештин катчысы Токон Мамытов Орусиянын ички иштер министри Рашид Нургалиев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу Валентин Соболев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз жарандарын коргоо маселесин койду.

Кыргызстандагы жумушсуздуктун айынан Орусияга иш издеп барган кыргыз атуулдары көптөгөн кыйынчылыктарга туш болоору белгилүү. Акыркы мезгилде ал кыйынчылыктар улутчул такырбаштардын мыкаачылык менен өлтүрүүлөрү менен коштоло баштады.

«Замандаш» бирикмесинин маалыматы боюнча, өткөн жылы Орусияда 350 кыргыз атуулу каза тапты. Бул жыл бою күнүнө бирден эрезеге жеткен жигит, же кыздын өлүмү дегенди билдирет.

Быйылкы жылдын башында Москва жана Санкт-Петербург шаарында беш кыргыз атуулу өлтүрүлдү. Буга чейин мындай окуяларга унчукпай келген расмий бийлик да тынчсыздануусун билдире баштады. Алгач Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Раимкул Аттокуров орус бийлигине нота жазса, андан кийин жергиликтүү коомчулуктун, Орусиядагы кыргыз диаспорасынын кайрылуулары жарык көрдү.

14-февралда Коопсуздук кеңештин катчысы Токон Мамытов Орусиянын ички иштер министри жана коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучу менен сүйлөшүп, кыргыз атуулдарынын өлүмүнө байланыштуу маселени көтөргөн. Бул тууралуу Токон Мамытов «Азаттыкка» буларды билдирди:

-Президенттин тапшырмасынын негизинде Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Соболев жана ички иштер министри генерал Нургалиев менен сүйлөшүүлөр болду. Ошол фактылар боюнча сөз болгондо, «бүт тиешелүү чараларды көрөбүз, кылмышка тиешеси барлар жазасын алат» деп бизди ишендиришти. Мындан тышкары Орусияда иштеп жаткан кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрөбүз дешти.

«Замандаш» бирикмесинин башчысы Жума Абдуллаевдин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан жетекчилигинин бул маселеге кайрылуусу кол салуулардын кыскарышына шарт түзүүдө:

Эми көңүл буруулар мындай кылмышты такыр токтот деп айтыш кыйын. Бирок оң таасирин тийгизип жатат. Өткөндө биздин элчилик нота жазгандан кийин чечкиндүү кадамдар жасала баштаптыр. Санкт- Петерургда экөөнү кармашыптыр. Москвадан да бир канчасы кармалыптыр.

Абдуллаев пикиринде, бул маселе КМШнын саммитинде талкууланып, атайын декларация кабыл алыныш керек.

«Акыйкат үчүн» кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы, өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде, бул багытта системалуу иштер жүргүзүлүш керек:

Сүйлөшүүлөр албетте кылмышкерлерди табууга жардамын берет. Бирок негизинен андай окуяларды токтотуу үчүн системалык түрдө иш жүрүш керек. КМШнын саммитинде да козголуп, андан сырткары дипломаттар жалаң формалдуу түрдө эмес, бейформал түрдө да көп иштерди жүргүзүш керек. Негизи Кыргызстандын экономикасын, коопсуздугун, жалпы саясий-экономикалык абалын оңдомоюнча бул маселелер, тилекке каршы боло берет. Анткени кыргыздар бүгүнкү мекенинен жумуш таппай, социалдык маселелерден аябай кыйналып жатканда сыртка чыгууга мажбур болуп атышат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG