Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

КОСОВО СЕРБИЯДАН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫН ЖАРЫЯЛАДЫ


Косово парламентинин жекшемби күнү Бишкек убактысы боюнча кечки саат сегизде башталган атайын сессиясында Көз карандысыздык жөнүндөгү декларацияны Косовонун премьер-министри Хашим Тачи окуду. Декларацияда Косово көз карандысыз, демократиялуу жана көп улуттуу өлкө деп жарыяланган.

Көз карандысыздык декларациясын кабыл алууга Косово парламентинин 109 депутаты катышты. Улуттук, анын ичинде серб азчылыгынан шайланган депутаттар жыйында болгон жок. Декларацияда Косово региондогу "тынчтыкты жана стабилдүүлүктү" көздөөрү, коңшулары менен "жакшы санаалаштык" мамиледе болору да белгиленген.

Бул аралыкта өлкө башкааласы Приштинанын көчөлөрүндө Косово калкынын басымдуу бөлүгүн түзгөн миңдеген албандар жыйналып, көз карандысыздыкты майрамдап жатышат.

Косовонун көз карандысыздык алуусуна провинциядагы серб азчылыгы каршы, ал эми Сербия мындай кадамды "мыйзамсыз" деп атаган эле. Сербия Косовонун көз карандысыздыгын эч качан тааныбасын өлкө президенти Борис Тадич Косово парламенти көз карандысыздык декларациясын кабыл алар замат билдирди. Серб президентинин айтымында, анын өлкөсү бул чечимдин жокко чыгарылышы үчүн мыйзамдуу жана тынч ыкмалар менен аракеттенет.

Ал эми АКШ жана Еврошаркеттин ири өлкөлөрү жаңы мамлекетти тааныры күтүлүүдө. Вашингтондон түшкөн маалыматтарга караганда, АКШ Косовонун көз карандысыздыгын жарыялоосун көңүлгө алды, бирок аны тез эле таанууга ашыкпайт. Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө Вашингтон Косоводогу кырдаалды европалык өнөктөштөрү менен талкуулап жатканы айтылган.

АКШ бийликтери Косово жетекчилигинин улуттук азчылыктардын укугун сактоо жөнүндөгү ниетин кубаттады жана бардык тараптарды сабырдуулукту көргөзүп, провакацияга жол бербөөгө чакырды.

Косовонун көз карандысыздык алышына Сербия сыяктуу эле мурдатан каршы болуп келе жаткан Орусия соңку окуяга байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүнү сунуш кылып, БУУну Косовонун көз карандысыздык декларациясын жокко чыгарууга үндөдү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG