Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Кумтөр алтын кени боюнча кыргыз өкмөтүнүн “Камеко” корпорациясы, “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы келишимдер жаңы парламенттен өтпөй турат. Буга чейин Кумтөр алтын кени боюнча келишимдердин бири да мыйзам чыгаруу бийлигинин кароосуна коюлган эмес. Кыйла жылдардан бери токтолбой келаткан талаштуу маселенин чоо-жайы “Азаттык” үналгысынын “Бетме-бет” түрмөгүндө талкууланды. Ага Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын президенти, экс-депутат Орозбек Дүйшеев жана белгилүү коомдук-саясий ишмер Касым Исаев катышты. Аңгеме-дүкөндү Бекташ Шамшиев уюштурду.

Бекташ Шамшиев: Кумтөр алтын кенинин айланасында болгон келишимдердин тагдыры кандай болот? Бул иштин артында кимдер турат? Мына ушул суроолордун тегерегинде сөзүбүздү баштасак.

Билесиздер, мына ушул Кумтөр менен болгон келишим, Кумтөрдүн канадалык компанияга берилиши ачык тендер менен мыйзам негизинде өткөн эмес. Орозбек мырза, Кумтөр алтын кенинин канадалыктардын колуна тийип калышына кимдер себепкер болгон деп ойлойсуз?

Орозбек Дүйшеев: 90-жылдардын башында канча алтын бар экенин бардыгы эсептелип, 89-90-жылдарда өкмөт тарабынан сунуш болуп, Москвада толук эсептелип чыгып, андан соң биздин Кыргызстандагы алтын казык өткүс маселесинде каралган эле.

Ошол программада элден мурун майда кендерди өздөштүрүп, андан кийин ошолордон түшкөн таза кирешенин негизинде Кумтөргө өтүү маселеси болгон. Бирок бул аткарылбай калды.

90-жылдары эгемендүүлүк алдык. Ошол кезде Кумтөр маселесин биринчи өздөштүрүү чыгып калды. Биз ушул Бриштейндин биздин мамлекеттин жетекчилерине жакындап кетиши, эң жакын адамы болуп калганына байланыштуу Канадага өтүп кетти деп эсептейбиз.

Жакында жаңы келишимди түзгөндө, ошолордун жетекчилери менен сүйлөшкөндө, алар бир нерсени мойнуна алышты: “Коррупция бар, бирок бизде эмес, силердин жетекчилигиңердин сунушу менен болду эле” дейт. Башынан эле көптөгөн каталар кеткен. Эми ал каталарды эсептеп отурсак абдан көп.



Бекташ Шамшиев: Касым мырза, сиз ошол 90-жылдардын башында Москвада иштеп жүргөн экенсиз. “Циябекко” компаниясынын келиши, башка америкалык компаниялардын кызыгуусу болгонун жазган экенсиз. Бул иштин артында кимдер турганынын дагы абдан жакшы билсеңиз керек. “Камеко” корпорациясына тендерсиз өтүп кетишине Аскар Акаевдин жеке өзүнүн кызыкчылыгы болгонбу?

Касым Исаев: Мен кантип алтын маселеси менен аралашып калдым? Ошол 93-жылдарда Кыргызстандын Москвадагы экономикалык маселелери боюнча өкүлү болуп туруп, келише албай кетип калгандан кийин мен Эл аралык фонддун Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору болуп калып, аралашып иштеп калдым. “Сонкуницы” деген компания “алтын менен иштейбиз” деп самолет жалдап, Якутск, Магадан, баарын кыдырып келе жатышкан.

Түстүү металл министри Дурасов Кыргызстандан 80-жылдын аягында депутат болчу, бул жакты жакшы билчү. Жерүй, Сарыжаз – буларды курган ошол киши болчу. Анан ал америкалыктарга айтыптыр. Кыргызстанга ээрчитип келип, көрсөтүп, Кумтөргө учуп барышып, геологиялык материалдарын көргөндөн кийин алар таң калышып, “ии, бул жак жакшы турбайбы” деп, өкмөт менен документ түзөт.

Меморандум деп ага биринчи вице-премьер Кузнецов кол коет. “Биз макулбуз, бардыгы мыйзам менен, биз дагы тендерге катышалы. Жерүй менен Кумтөрдү биз иштетели, биз өзүбүздүн сунушубузду баланча мөөнөткө алып келебиз” деп Кузнецов экөө кол коет.

Анда “Камеко” жок. Өкмөт мындай убада берет: “силер биринчи келдиңер, биз башка компанияларга силердин сунушуңарды карап чыкмайынча, чечпейбиз” деп кол коет. Кандай үлүш, кандай чыгаша, кандай шарт болот - буларды түзүп, алып келиш керек экен.

92-жылдын декабрында Дурасов экөөбүз ошол сунуштарды алып, ушул жерге учуп келдик. 7-декабрь болчу. 4-декабрда Канада менен кол коюлуп калды. Булар атайын алып, иштеп, жасаса десек, “Кыргызалтын” деген концерн түзүлүп, Сарыгулов иштеп калды. Сарыгуловго документтерди көтөрүп келип, ушундай бар болчу десек, ал “бул менсиз чечилиптир, менин ишим жок” деп айтты.

Мен ага чейин деле келип жүрүп Кыргызстанда президент менен өкмөттөрдүн арасында эч кандай уюштурулбаган иш болбоорун билгем. Ар кимиси өз билгенин, биринин жазганын башкасы жакшы көрбөй, бардыгы эле президенттин тегерегинде. Өкмөт деген ноль.



Бекташ Шамшиев: Орозбек мырза, “Кыргызалтындын” түзүлүшүн, андан кийинки 94-жылы алтын боюнча чатакты билесиз. Алтындын чатагынын бардыгы биригип келип эле парламентке такалат да. Биринчисинде сиз жакшы билгендей, парламент таркатылган. Эки жыл иштеп, таркатылган парламентке дагы мына ушул алтын маселесинин, атап айтканда, ушул келишимдин кайсы бир деңгээлде тиешеси бар экендигин айтып жүрүшөт. Кумтөр келишиминин парламентке буга чейин коюлбай келишинин сыры эмнеде болчу?

Орозбек Дүйшеев: Канадалык компания ири жана иштерман компания. Биз жактан анчалык таза эмес адамдарга байланыштуу буларда көптөгөн аферисттик иштер кеткен. Маселен, башкы келишим түзгөндө, директирлер кеңеши болмок. Ал тогуз кишиден турмак. Анын алтоо кыргыз жагынан болмок эле. Бирок муну Лен Хаменюк менен эле Дастан Сарыгулов жоюп салышкан. Ошонун негизинде, көзөмөлдөө болбой калган.

Маселен, смета туура түзүлгөн. 276 миллионго курулмак болчу. Ал эми иш жүзүндө 452 миллионго чыгып кеткен. 176 миллионду көзөмөл болбогондон кийин ар кайсы жакка жөнөтө беришкен. Ошентип отуруп жалаң Кыргызстанга эле 300 миллиондон ашык акча түшпөй калды. Ошондой эле аферисттик ишти кийин 2003-жылы 31-декабрда кол коюп, реструктуризация кылып жиберди.

Биз муну 2003-жылдан баштап изилдеп баштаганбыз. Бул эч убакытта андай болбосун, эгер болчу болсо, Жогорку кеңештин макулдугу менен болсун деген чечим чыгарганбыз. Бирок ага карабастан, тымызын өздөрү бүтүрүп, өздөрү чечип салган. Абдан чоң каталар кетти. Эми ошол каталарды жоюу маселеси боюнча каралып, өткөн жылы майдан баштап августка чейин абдан талаш-тартыштар менен жакшы маселе чечилсе, бүгүнкү күнгө чейин ошону бекитип коюунун ордуна, улам ар кандай шылтоо менен тартып отурабыз.

Бул келишимде өзгөртүүлөр канадалыктарга кереги жок, Кыргызстан үчүн керек. Себеби 32 миллион акцияны бериш деген оор болгон. Атамбаев Жогорку Кеңеште “ичтеринен кан өтүп атат” деп айтпадыбы. Мына быйыл эгерде ошол убагында аткарылып калса, Ысыккөлгө бир пайыз өсүшүнө берет эле. Бул деген быйылкы жылга 5 миллион доллар. 5 миллионду кайдан табат?

Бүгүнкү баа менен эсептегенде, быйыл эле бизге 60 миллиондой салыкка түшмөк, өткөн жылдары 20-25 миллиондон ашкан эмес, бул эки эсе көптүк кылат. Бул пайдабы, пайда эмеспи? Мына ушулардын бардыгын ойлонуп караганда кандайдыр бир үчүнчү күч пайда болдубу деген бизде коркунуч туулуп жатат.

Бул үчүнчү күч жакшылыкка алып келерине биз ишенбейбиз. Анткени ушуга окшогон эле маселе болуп, Жерүйдү талкалап салышпадыбы. “Оксустун”2005-жылда жакшы иштеп жаткан кезинде ошол бузулбаганда, мына 2006-жылы Таласка 3 миллион доллар түшмөк. Бул жаман беле? 2007-жылы 3 миллион жана төрт тонна алмак болчубуз. Мына ошондон улам үчүнчү күч чыгып калды деген коркунуч бар.

Бекташ Шамшиев: Касым мырза, сиздин оюңузча мына ушул Кыргызстандын жаңы бийлигинин элдин кызыкчылыгына караганда, өзүнүн жеке кызыкчылыгын алдыга коюп, алтын кенинин пайдаланышынын себеби эмнеге байланыштуу? Бул сугалактыгыбы же болбосо жаңы бийлик иш көзүн билбегенден Кумтөр боюнча ушундай ахыбалга келдикпи?



Касым Исаев: Бийликтигилердин сөзү гана эмес, өздөрүнүн жасап жатканына мен ишенбейм. Мына бир мисал айтайын. 31-январда жаңы депутат сөөрөйлөр каржы министринен “АКШнын Манас аба базасынан канча акча аласыңар?” деп сурап жатышат. “17 жарым миллион” деди. Америкалык “Wall Street Journal” дегендин корреспонденти Бишкекке келип, Бакиев менен кезигип, интервью алган. Ал айткан 100 миллион алабыз деп. Эми кимисине ишенсе болот? Эки бугхалтерия барбы? Же анын айырмасы кимдин чөнтөгүнө кетет?

Биздин бийликтеги адамдардын жоопкерчилиги жок, эл алдында калпты айтып, “тигинтип-минтип, баланча акциясын алып атабыз” дегендин бардыгына мен ишенбейм. Себеби “Центерра” деген эмне болгон компания? Эртең эле акциясы түшүп, ноль болуп калат. Биздин накта алтындын ордуна бош алабыз.

Былтыркы АКШнын кризиси ушул күнгө чейин келатат. “Тигини, муну жасадык” дегендин ордуна жакшылап изилдеп, өзүнүн наркы боюнча иш кылыш керек. Биздин бийликтеги министрлерибиздин тажрыйбасы жок, билими жоктугунан бир дагы адам Кыргызстандын чыныгы экономикалык абалы ушундай болуп жатат деп анализ жүргүзө албайт.

Бекташ Шамшиев: Орозбек мырза, мына парламент 2003-жылы “Центерра Голд” компаниясын түзүү жөнүндөгү келишимди жокко чыгарууну дагы коюп жатат. Сиздин баамыңызда, канадалык тарап мына ушундай шартка макул болушу мүмкүнбү? Мына ушул сиз айтып жаткан үчүнчү күчтүн кезектеги аракетиби же болбосо, оюндун улантылышыбы?

Орозбек Дүйшеев: Кээ бир адамдар адис болбосо да, баатыр болуп чыга калышат. 2004-жылы Жогорку Кеңеште токтом чыгарганда биз бул токтомду алып салыш керек дегенбиз. Анткени ошол кезде Кумтөрдүн алтынынын 300 тоннасы ачык жана арзан жол менен алынмак. Ошол жол менен ала электе, андан түшкөн пайда биздин Кыргызстанга калсын деген максат болчу.

Бирок убакыт өтүп кетти. Мына төрт жыл өтүп кетти. 4 жылдын ичинде ал жактагы алтындан азыр 40 эле тоннасы калды. Дагы анча-мынча табылды, ошону менен 50 тонна калды. Бул 50 тоннаны эгерде келишимди биз бекитпесек, алар мурунку келишим иштебейт дагы, алып алат. Андан кийин анын жер алдын казыш керек. Жер алды казганы башталбай калат. Эгерде ал башталбай калса, биз Кумтөрдү токтотуп коебуз. Токтогондон кийин эмне болот? Белгисиз.

Эмне үчүн кийинки өзгөрүүлөргө макул болуп жатабыз? Толугу менен мен өзүм катыштым. Ошондуктан мен керек деп жатам. Эгерде канадалыктар кетип калса, жер алдын иштетүүнү качан баштайбыз? Ким баштайт? Дагы кандай компания келет? Бул белгисиз. Мына бүгүн эгерде жоюп коелу десек, анан соттошуу башталат. Жерүй 2 жарым жыл болду, чечилбей жатат. Каракечени эмне кылды? Эң сонун иштеп жаткан кенди 3 жылдан бери талкалап, кенди жоготуунун алдында турабыз.

Бекташ Шамшиев: Касым мырза, Кыргызстанга инвестицияны тартуу жөнүндө абдан көп эле кеп болот эмеспи...?

Касым Исаев: Эгерде тоо-кен байлыгы, өнөр жайы түз элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы иштеп, ачык эл алдына ошол иштерди жасаса, экономикага орчундуу жардам бере турганына мен ишенет элем. Маселенин бардыгы ушундай жасалып жатпайбы. Бүгүн майда-чүйдөнүн ордуна биздин бийликте жүрүп, эл-жер деп сөзүн эле айткан кишилер ошону иш жүзүнө ашыра баштаганда бир жылыш болот эле. Кумтөр боюнча Акаев Чынгышевди Бриштейндин келишимге кол коюуга мажбур кылган. Бриштейнди, менин угушум боюнча, алып келген Чыңгыз Айтматов болчу.



Бекташ Шамшиев: Орозбек мырза, айрым маалымдоочулардын айтымында, “Алмазбек Атамбаев өкмөтү түзүп кеткен келишимдин жактырылбашына кызыкдар эмес таасирдүү күчтөр бар” деп айтылып жатат. Сиз ушул суроого эмне деп жооп берет элеңиз?

Орозбек Дүйшеев: Бүгүнкү парламент бир ай ичинде эле өзүнүн өңүн көрсөттү. Энергетикалык жаратылыш ресурстар деген комитети эки жолу чыгып укту, алар дагы макул болушту. Анан эле эки күндүн ичинде өзгөрүп калышты. Эми өзгөргөндө кимдер өзгөрүп жатат? Вице-спикер кечээ күнү макул болуп, депутаттык комиссиянын бардыгында катышып жүргөн. Анан эле айнып калды.

Мен кечээ күнү “Ак жол” партиясында “хоп, майли” дегенден башканы ойлонбогон адистер көп экен деген жыйынтыкка келдим. Булар биринчи күндөн баштап эле энергетиканы сатабыз деп жатат. Эмнеге сатабыз? Эгерде алар башкара албаса, башкаларага берсин. Ушундай арзан нерсени убыточный деп чыгыш - бул адамдын акылына келбеген иш.

Бардыгын талап-тоноп эле, жоготуп коюп, анан айтабыз “убыточный” деп. Кантип ушундай болмок эле? 20 тыйындан болсо, себестоимость азыр талап, чөнтөккө салганга байланыштуу амортизациянын бардыгы чөнтөккө түшүп жатат, элге болсо жеткен жок. Мындай жол менен биз Кыргызстанды талап бүтүрөбүз. Анан кайда барабыз? Мына жаңы партия “Ак жол” деп киргендин өзүнүн идеясы азыр белгисиз. Мунун 80 пайызы ошол эле “Алга” партиясы.

Касым Исаев: “Ак жол” партиясы эмне деген партия? Бир айдын ичинде эле элди чогултуп туруп, партия кылып алды. Идеялардын негизинде, элге көрсөтүш керек эле да. Бул - партия эмес, бул - анекдот.

Бекташ Шамшиев: Талкууга катышып бергениңиздерге ырахмат.
XS
SM
MD
LG