10 астронавт бүгүн эл аралык космос бекетиндегилер менен коштошуп, Атлантис чөлмөгүнө отурушту. Алар бекетте экенде, ага Европанын алгачкы туруктуу иштөөчү лаборатириясы кошулду. 9-февралда келген Атлантис Флоридадагы Кеннеди Аалам бекетине шаршембиде конот деп күтүлүүдө.