Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:19

18-ФЕВРАЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыз ССР НКВД үчилтигинин А. Сыдыковду атуу туурасындагы өкүмү 1938-жылдын 18-февраль күнү аткарылды. Кыргыз өкмөтү 2003-жылдын 18-февралында Кыргызстандын Экономикалык саясат боюнча кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Падышалык Россиянын Фергана өрөөнү үчүн жүргүзгөн саясатынын натыйжасында, аймакта кырдаал курчуган. Бир тарабынан кыргыздар Кокон хандыгына каршы көтөрүлүштү башташса, экинчи жагынан хандык эми империя менен кыргыздарга каршы күрөшүүгө кириптерленген.

Орус аскерлеринин 1865-жылкы ири аскер операциясынын натыйжасында Кокон хандыгынын ээлиги Фергана өрөөнү менен кыргыздар жашаган Памир-Алай аймагы менен чектелген. Кыргыздар болсо империяга моюн сунууну көздөп, Мамыр баштаган кыргыздардын бир жарымы 1874-жылдын жаз айында Түркстан генерал-губернатордугуна кайрылышкан.

Падышанын 1876-жылдын 18-февралында манифестине ылайык Кокон хандыгынын аймагы Россия империясына киргизилген. Аталган аймак Түркстан генерал-губернатордугуна караштуу Фергана областы болуп уюшулган.

Совет мезгилиндеги кыргыз мамлекетинин түптөлүш процесси тышкы борбордук талаптарга жана ички жарым феодалдык коомдук өнүгүш өзгөчөлүгүнө ылайык өнүккөн. Кыргызстандагы таптык күрөштүн күч алышына байланыштуу СССР Ички иштер министри Н. Ежов «он миң тап душмандарын жок кылуу» туурасында буйрук берген.

Бийлик үчүн жүргөн күрөштө анын саясий оппоненттери ыплас ыкма колдонушуп, Абдыкерим Сыдыковдун бай-манаптык тегин көтөрүп чыгышкан. Мындан тышкары, ага «Туран», «Алаш ордо» партиясынын өкүлү деген жалаа жабылып, акыры 1934-жылдын 28-февралында А. Сыдыковго «антисоветтик ишмердиги» үчүн кине коюлуп, камакка алынган. Кыргыз ССР НКВДсынын үчилтигинин 1938-жылдын 10-февраль күнкү токтомуна ылайык А. Сыдыковду атуу өкүмү чыгарылган. НКВД өкүмү 18-февраль күнү өтөсүнө чыгарылып, А. Сыдыковдун өмүрү 49 жаш курагында кыйылган.

Президент Аскар Акаев 2003-жылдын 18-февралында Конституциянын Жаңы редакциясына кол койду. Конституциянын Жаңы редакциясы 2003-жылдын 2-февралында өткөрүлгөн референдумда кабыл алынып, ал Кыргызстанда эле эмес, дүйнөлүк коомчулук арасында эки ача пикир жараткан.

Кыргыз өкмөтү 2003-жылдын 18-февралында Кыргызстандын Экономикалык саясат боюнча кеңешинин жыйынын өткөрдү. Жыйында Дүйнөлүк Банктын 2003-2006-жж. аралыгында Кыргызстанга көрсөтө турган финансалык жардамынын стратегиясы талкууланды.

XS
SM
MD
LG