Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:41

Дүйнөдө энергия кубатын өндүрүүчү отундун баасы кымбаттаганга байланыштуу Орусия тышка чыгарып сатып аткан газы менен карамайынан азыр казынасына 150 миллиард доллар киреше тапкан. Ошол эле учурда Орусиянын элинин жашоо тиричилигинде газ отунун пайдалангандар үчүн анын кыйла опурталдуу болуп баратканы маалым. Советтик кезде курулган газ тармактары эскирип, керектен кеткендиктен көптөгөн жарылуулар, өрт чыгуулар болуп жатат.

Regnum агенттиги билдиргенге караганда, быйылкы эле жылдын ичинде Орусияда ар бир 43 саатта бир жолудан үйдө газдан чыккан жарылуулар болгон. Бир жарым айдын ичинде 20 жарылуу болуп, анын айынан 29 киши көз жуумп, 50 киши жарадар болушкан. Жарылуулар газ таркатуучу түтүктөрдүн эскиришинен жана газды пайдалануу эрежеси сакталбагандыктан келип чыгууда.

Орусия сыртка көгүлтүр отунун сатып маарып атканы менен ичинде эли андан жабыр тартып атат. Кыш келген сайын ушундай. Маселен, быйыл 9-январда Казанда, Маскөөдө, 14-январда Новокуйбышевск шаарында, Ставрополь крайында, 17-январда Бесланда, 26-январда Хабаровск шаарында, 8-февралда Краснодар крайында ж.б. калаа, кыштактарда газ жаккан үйлөрдө жарылуу болуп, артынан өрт чыгып, баш-аягы 29 киши бөөдө ажал табышты.

Адистердин эсебинде өлкөдөгү мындай абал эми мындан да курчуйт. Эмне дегенде советтик кезде турак жайларга тартылган көгүлтүр отун жеткирчү түтүктөрдүн эскирип болгон кези. Быйыл айрыкча көп жарылуулар болгону бийликти түйшөлттү көрүнөт, 15-февралда, Орусиянын газ коомунун президенти, Мамдума төрагасына орун басар Валерий Язов маалымат таркатып, Орусия 2009-жылдан тартып үйдүн ичине киргзилген газ таратчу түтүктөрдү жаңыртууга кирише турганын билдирди..
Карапайым кишилер айтканга караганда суукта түтүк менен келчү ысык суу үйдү жылыта албаганда газ жакканга зарылчылык келип чыгууда.

«Кызым башка көчөдө турат. Былтыртан бери үй жылытууга ар айына 1000 рубль акы төлөйт. Үйү ар убакта салкын. Мен алардыкына барганда үшүп олтура албайм. Ошондуктан үйдү жылытыш үчүн дайыма газ жагып коюшат. Мен качан барбайын газдын комфоркалары дайыма жагылуу турат»,- дейт Казан шаарынын тургуну Соня Асадова.

Орусиялык илимдер академиясынын социологу Евгений Гонтмахер айтканга караганда, өлкөдө турмуш-тиричилик чарбасына бийлик көңүл бурбай келет, ошол себептен бул тармак урап, кыйроонун гана үстүндө.

«Бизде, такыр кулаганы калган ондогон миллион чарчы метр үйлөр бар, ага кошумча, кийинки 15-20 жыл ичи суу жеткирүүчү түтүктөр, газ жеткирүүчү тармактар оңдолбой келе жатат».

«Коомдук пикир» кору жүргүзгөн сурамжылоо боюнча Орусиянын 64 пайызы көгүлтүр отун жеткирилген үйлөрдө турушат. 10 пайызы газды баллон менен алып жагышат.
XS
SM
MD
LG