Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

17-февралда Косово көз карандысыздыгын жарыялады. Ага айрым бир мамлекеттер каршы экендиктерин билдиришти. Мына ушундай саясий иш чарадан кийин Евразияда этникалык азчылыктардын укуктарына мамиле кандай болушу мүмкүн? Акыйкатчылык кызматтан мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кетип жаткан Турсунбай Бакир уулуна кандай кызматтар сунуш кылынууда? “Азаттык” мына ушул суроолор менен Акыйкатчы, “Эрк” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулуна кайрылган. Оболу ал Косово элинин эгемендиги маселесине кайрылды.

- Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин албан элинен эч ким сурабай эле аны бир канча мамлекеттер бөлүп алышкан. Ушул эле жылдары жана экинчи дүйнөлүк согуштан кийин эстеп көрсөк, көп эле өлкөлөр майда, же чоң өлкөлөрдү бөлүп алышкан. Ошондуктан тарыхый адилеттүүлүк кайра жеңиш керек. Албан эли өзүн Косово тарабында көз карандысыздыгын жарыялаганы тарыхый жактан туура эле болду.

- Косовонун мисалы КМШ өлкөлөрүнө кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

- Эгер тарыхый адилетсиздик болсо, анда муну түз эле кабыл алыш керек. Ар бир эл эркин, эгемен болгусу келет. Мына өзүбүздү алардын ордуна коюп көрсөк, биз да күрөшөт элек да, эгерде биздин эгемендигибиз, көз карандысыздыгыбыз жок болсо.

- Сиздин мурдагы беш жылдык ишиңизге кайрылсак, ошол жылдар аралыгында кайсы маселелерди ишке ашыра алган жокмун деп ойлойсуз?

- Биринчи, бул каражат жагынан. Өкүнүчтүүсү өкмөт, президент акыйкатчы талап кылган акчаны бере алган жок. Ошондуктан көп нерсеге биз жете албадык, мисалы алыскы райондорго, көп жерге жетишпей калдык. Бул жерде мен ойлойм өкмөт менен президенттин көралбагандыгы.

Экинчиден, президент менен акыйкатчы тыгыз иштеш керек эле. Өкүнүчтүүсү, былтыркы октябрдан баштап акыйкатчы болуп президентке кире албай жүрөм. Ошол эле мезгилде чет өлкөлүк адамдар, элчилер Кыргызстанда иштеп мөөнөтү бүткөндө түз эле президентке токтоосуз кирип кетип атат.

Акыйкатчы мыйзам боюнча токтоосуз президентке кириш керек, качан суранса ошондо кабыл алыныш керек. Ошондой байланыш президент менен акыйкатчынын ортосунда болгон жок.

-14-февралда парламентте акыйкатчыны шайлоо болду. Шайлоонун жыйынтыгы ушундай болот деп сиз күттүңүз беле?

- Албетте күткөм, себеби мыйзам алдын-ала бузулган. Биринчиден, акыйкатчы болом деген талапкерлерге эки сыноо киргизиш керек эле кыргыз тилинен жана орус тилинен. Бирок орус, кыргыз тилинен сабатсыз адамдар өтүп кетпедиби. Ошондуктан мыйзам бул жерде аткарылган жок. Аны Исхак Масалиев жана кээ бирки депутаттар көтөрдү. Бирок өкүнүчтүүcү Жогорку Кеңеш мыйзамга баш ийген жок.

Экинчиден, президент акыйкатчыны кабыл алыш керек эле, үч жолу кайрылдым бир да жолу кабыл албады. Бул жерде жеке таарыныч эмес, биринчи иштин кызыкчылыгын көздөш керек эле.

Экинчиден, жакшыбы-жаманбы бул Кыргызстандын акыйкатчысы, аны менен Кыргызстандын президенти тыгыз иштеш керек.

- Президенттик администрациядан сизге кызмат сунушталдыбы, келечекте сизде кандай пландар болуп жатат?

- Кыргызстандын мыйзамы боюнча мага ишти президент сунуш кылыш керек. Жооп бериш азыр кыйын болуп атат. Эң кыйын балдардын суроосуна жооп бериш керек экен. Себеби мыйзамда жазылган нерсе аткарылбай атат. Мыйзамда жазылып турат, эгерде акыйкатчынын мөөнөтү бүтсө, ошого тең кызматты бериш керек. Андай кызмат жок болсо, анда өзү макул болгон бир кызмат бериш керек деп. Мен эки чакырылышта Жогорку Кеңештин депутаты элем мурда.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG