Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:50

16:19 Жалалабат облусунда карышкырлар короодогу малды колдон талашууда


Кардын калың түшүп, кыштын суук болгондугунан ач карышкырлар тоо этегиндеги айыл-кыштактардагы малга кол салууда. Кыш айларында эле карышкырлар Сузак районундагы Калмаккырчын айлына караштуу 200дөн ашык кой-эчки менен алты жылкыны жана 15 бодо малды жеп кеткен. Карышкырлар өспүрүмгө да кол салышкан учур болгон, бирок ал камчысы менен айбат көрсөтүп, качып кутулган. Элеттиктер үч карышкырды атып алышкан. Карышкырлардын тиши тийген иттер кутуруп кетүүдө. Базаркоргон районундагы Кызылүңкүр айылында карышкырлар эки жылкыны жок кылышкан. Мындай маалымат ветеринария департаментинин түштүк аймагындагы башкармасынын орунбасары Абдыкапар Раматиллаевден алынды. Анын айтымында карышкырларды атып-жок кылууга ок-дары жана курал-жарак жетишсиз болууда. Колдо болгон бытыра ок менен кашабаларды өлтүрүү мумкун эмес.(YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG