Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:59

Косоволук албандардын Сербиядан өзүнчө бөлүнүп, эгемендигинин жарыя кылышы ушу тапта жаамы дүйнөдө чоң сөзгө түшүп, көпчүлүк арасында кызуу талкууланууда.

Югославия федерациясы эгемендик келгени өз алдынча өлкөлөргө ажырап, алардын соңкусу Косово аймагы эңгезер мамлекет Сербиянын тутумунан бөлүнүп чыкты. Албан калкынын тарыхындагы бул урунт учурду колдогон, ошол эле учурда мындан кийин тосмону жарып өткөн сел сындуу бир топ автоном өлкөлөр өз алдынчалыкка умтулуп, ири өлкөлөрдүн ичинде тополоң-тос түшүп каларын айтып, чочулагандар деле аз эмес.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигиндеги расмий өкүлдөр Косовонун эркиндикке чыгышы жайында азырынча эч кандай кеп айта албастыгын, антиш дипломатиялык жүрүм-турумга кайчы келерин этият эскертүү менен чектелишти.

Ал эми дипломатиялык иштин аки-чүкүсүн мыкты билген коомдук-саясий ишмер Ишенбай Абдыразаков өз пикирин жашырбай эле ортого салды. Анын ынанымында, элдин эрки менен мамлекет бүтүндүгү кайчылаш келип калган учур өлкө үчүн өзгөчө оор маселе. Ал мына ушул Косово маселеси, ошондой эле анын Грузиядагы азыркы ахывал экөөнүн ортосундагы үндөштүктөн деле көрүнүп туру. Окшоштук эмнеден көрүнөт?

- Формалдык түрдө булардын автономиясы бар. Ошол автономия өзүбүзчө болобуз дей баштаганда ага карата көз караш ар кандай болуп кетет. Мисалы, Кытайда Синьцзян автоном району бар. Түркияда күрттөр бар. Бирок алардын ага тиешеси жок. Себеби күрттөрдүн формалдуу түрдө өздөрүнүн автономиясы жок.

И.Абдыразаков косоволук албандардын эгемендигинин мындан аркы тагдыры Европа биримдиги, Батыштын мамилесине, анан да Сербиянын позициясына жараша чечилет деген ойдо.

Бишкектеги Чыгыш университетинин ректор орунбасары, саясат таануучу Айдарбек Көчкүновдун ырасташынча, косоволук албандардын эгемендиги 2-дүйнөлүк уруштан кийин Европада калыптанып калган тең салмакты бузган шойкондуу жосун болду.

- Эларалык нормаларга, алардын ичинде 2-дүйнөлүк уруштан кийинки дүйнөнүн түзүлүшүнө, принциптерине каршы келе турган чоң саясий окуя болду десем мен эч качан жаңылышпайм.

Cаясат таануучу жалаң бир улуттан, бир түс этникалык түзүлүшкө негизденген өлкөнү ушу тапта дүйнөдөн табуу кыйын, деп кошумчалады.

Косоволук албандардын өз алдынчалыгын ачык жарыялап чыгышы 2-дүйнөлүк уруштан кийинки улуттардын өз алдынчалыгын аныктоо аракети дагыле улантылып жатканын айгинелейт, деп маалымдады “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев.

- Эларалык укуктук ченемде болсо ар бир эл, улут өзүн-өзү таанууга укугу бар, бирок бөлүнгөнгө укугу жок деп турат. Мына ошол бөлүнүп кетүү укугу, менин оюмча, ХХ кылымда улуттук-боштондук кыймылдардын өзөгүн түзгөн. Ошол жараян аягына толук чыкпай калган.

Адистердин айтымында, косоволук албандардын эгемендиги этникалык чиеш маселелердин көбөйүшүнө алып келет деп айтыш деле кыйын. Э.Каптагаев постсоветтик Борбор Азия республикаларында Каракалпак автоном республикасы менен Тоолуу Бадахшан проблемасын эсепке албаганда, чөлкөмдө этникалык өзүнчөлүк жарыялоо жараяны бүткөнүн билдирди.

Ал эми ушу тапта көптөрдү түйшөлтүп жаткан Косово проблемасы Евробиримдик мейкинине бүгүн, бүгүн болбосо эртең кирчү чөлкөмдөн чыгууда. Анын кандай чечилишин алдыдагы убакыт көрсөтмөкчү.
XS
SM
MD
LG