Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:31

БҮГҮН ПАКИСТАНДА ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛОО ӨТТҮ


Бүгүн Пакистанда парламенттик шайлоо өттү. Бул шайлоого өнөктүк учурунда жаңжал-талаштар көп болду, оппозициянын лидери Беназир Бхуттону өлтүрүп кетишти. Оппозиция президент Первез Мушаррафтын бийлигине атаандаштыкты түзгөнгө жетиштүү орунду ээлей алабы-жокпу – бул азыр көңүл чордонунда турган башкы маселе.

Бул жолку шайлоо өнөктүгүнүн учурундагы “кандуу окуялар” тынчсызданууларды күчөткөн. Беназир Бхуттону кошкондо, жок эле дегенде, депутаттыкка аттанган төрт талапкер жана 100дөй адам ушул шайлоо өнөктүгү учурунда киши колдуу болушту. Өткөн ишембиде өлкөнүн түндүк-батышында шайлоого карата өткөн жөө-жүрүштө да бир жанкечти өзүн өзү жардырып жиберип, анын айынан 50дөй адам мүрт кеткен эле.

Ошондуктан бүгүнкү добуш берүүгө келген шайлоочуларды ойлонткон эң эле талылуу маселе коопсуздук менен байланыштуу болду окшойт.

- Кудай кааласа, биз эми жалпы эле Пакистан боюнча добуш берүү тынч өтөт го деп үмүт кылып турабыз.

Рияз Ахмад деген бул шайлоочу ушинтип Карачиде Ройтерс маалымат агенттигинин суроосуна жооп кайтарган.

Бул арада шайлоо чөлкөмдөрүнө чабуул болбосун деп 80 миңдей аскер ошол жерлерди кайтарып турган полицияга колдоо көрсөтүп турду.

Азыр шайлоонун мааниси чындап эле ага катышып жаткан баардык партиялар үчүн өтө жогору болуп турат. Анткени оппозиция муну 1999-жылдан бери бийликти колдон чыгарбай турган президент Первез Мушаррафтын өкмөтүн кулатып, коррупция боюнча жоопко тартуунун жападан жалгыз мүмкүнчүлүгү деп билишет.

Талибдерди колдоп келаткан козголоңчу партиялар да азыр Мушаррафты алсыз деп, андан көңүлү калып турушат. Былтыр ноябрда Мушарраф президент болуш үчүн армия жетекчилигинен кеткен эле.

Азырынча Мушаррафты колдоп турган партиялар да шайлоонун жыйынтыгында оппозиция утуп калышы мүмкүн деп коркуп турушкан чагы.

Иши кылып, бул жолку шайлоо башкы эки суроону жаратты. Биринчиси – киши колдуу болгон Беназир Бхуттонун партиясы, соңку айлардагы окуяларды эске алганда,чоң колдоого ээ болушу мүмкүнбү? Эгер мунусу чын болсо, Бхуттонун – Пакистан элдик партиясы – Мушаррафка оппозицияда турган мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин Мусулмандар партиясынан шериктик колдоо тапмак.

Бирок Мушаррафтын бийлигине туруштук бериш үчүн оппозициячыл партиялар парламенттеги 272 орундун, жок дегенде, үчтөн экисин ээлеши зарыл. Анын үстүнө алар күчтүү премьер-министрди тандап алып, анан узагыраак убакытка бирдиктүү болуп турушу лаазым.

Мушаррафты колдогон экинчи Мусулмандар партиясы болсо кымбатчылыкка жана өлкөнүн элет жерлеринде, өзгөчө, Ооганстан менен чектеш аймактарда кылмыштуулук күчөгөнүнө байланыштуу эл арасында популярдуулугу түшүп баратат. Анткен менен азырга чейин бул партия өлкөдөгү негизги күч бойдон калууда.

Бул жолку добуш берүү канчалык ачык өтөт деген суроо да шайлоодогу башкы маселелердин бирине айланды.

Пакистанда алгачкы ирет добуш берүү жараянына көз салуу үчүн 20 миңдей волентор ишке тартылган. Волонтерлорду Ачык жана Эркин шайлоолор Бирикмеси үйрөтүп, иштетип жатат. Ал эми аларга каржылык колдоонун кайсыл бир бөлүгүн АКШ өкмөтү өз мойнуна алды.

Президент болсо шайлоону сындап жаткандарды “көп апырта бербегенге” чакырып, шайлоо ачык өтөөрүнө ишендиргенге аракет кылды.

- Бул жолку шайлоо толугу менен таза, акыйкат жана ачык өтөт. Мында эч кандай карама-каршылыктар болушу мүмкүн эмес. Бирок, мен суранып кетээр элем, шайлоонун ачыктыгы, акыйкаттуулугу тууралуу жаман сөздөрдү айтып, биздин мамлекетти каралаганды токтотсоңор, - деди пакистандык президент.

Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгы кандай болооруна карабай, Исламабад баары бир козголоңчулар менен күрөшүн уланта бермекчи. Парламентке аттанган негизги партиялардын баары эле Вашингтондун антитеррористтик аракеттерин колдошот.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG