Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

КОСОВОНУН ЭГЕМЕНДИГИН КИМ ТААНЫЙТ?


Каарманбек Кулуев, Бишкек 17-февралда Косово өзүн Сербиядан көз каранды эмес мамлекет деп жар салды. Эми “Косовонун эгемендүүлүгүн кайсы мамлекеттер расмий таанышат?” деген суроо косоволук албандардын гана эмес, бүт дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурууда. Британия, Германия, Франция жана Италия сыяктуу алдыңкы европалык өлкөлөр, аны менен кошо АКШ Косовонун эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныйт деп күтүлүүдө. Ал эми Сербия, Орусия жана Кытай сыяктуу мамлекеттер буга каршы.

Косовонун эгемендүүлүгүн Приштинада абдан шаңдуу тосуп алышты. Косоволук албандар үчүн бул - көптөн бери күткөн майрам, жергиликтүү серб азчылыгы үчүн - кооптонуунун дагы бир себеби.

Бирок аймакта борборлоштурулган бийликти орнотуп, Косовонун эгемендүүлүгүн бир тараптуу жарыялоо – иштин жарымы гана. Алдыда дагы көптөгөн сүйлөшүүлөр бар жана эң негизгиси - жаңы мамлекетти дүйнө коомчулугу расмий таанышы керек:

- Бул бир тараптуу декларацияны жокко чыгаруу үчүн Сербия колунан келишинче аракеттенет, - дейт жаңыдан эле кайра Сербия президенти болуп шайланган Борис Тадич. - Сербия Косовонун көз карандысыздыгын тааныбайт жана мыйзамдуу, дипломатиялык жолдор менен аны жокко чыгарат.

Натыйжада дүйнө жүзү экиге бөлүнүп кеткенсийт. Жарымы, анын ичинде АКШ, Британия жана Германия сыяктуу өлкөлөр Косовонун эгемендүүлүгүн колдосо, башкалар Косовонун соңку аракеттерин мыйзамсыз деп таанып, дүйнө коомчулугун Косовону эгемендүү мамлекет катары тааныбоого чакырат.

Эгемендүү Косового каршы топтун башында Орусия турат. Бириккен Улуттар Уюмундагы Орусиянын элчиси Виталий Чуркин Кремлдин турумун мындай түшүндүрдү:

- Биздин оюбузча, дүйнөлүк коомчулук бул декларацияга көңүл бурбай, Бириккен Улуттар Уюмунун Косоводогу миссиясы аны жокко чыгарыш керек. Дагы бир жолу эскертебиз, Косовонун мындай бир тараптуу билдирүүсү нааразы сербдер тарабынан күч колдонууга түрткү болушу мүмкүн.

Азырынча нааразы сербдер Белградда гана АКШ жана Словения элчиликтеринин айнектерине таш ыргытышкан. Эскерте кетсек, Словения учурда Европа Биримдигинде президенттик мөөнөтүн өтөп жатат.

Жалпысынан алганда, Батыш Косовонун эгемендүүлүгүн колдойт. АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Алехандро Вольфдун айтымында, Вашингтон бул кабарды чоң кубаныч менен тосуп алды:

- Биздин оюбузча декларация логикалуу, ырааттуу жана 1244-резолюцияга каршы келбейт. АКШ косоволуктар жана сербдер менен аймактагы абалга көз салууга даяр.

АКШдан айрмаланып, Европа Биримдиги тышкы саясат жаатында бирдиктүү пикирге ээ эмес. Брюсселде биримдиктин тышкы иштер министрлери чогулуп, Косово маселесин талкуулашууда. Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Милибанд:

- Бул маселени ырааттуу караш керек. Декларацияны алгач өздөштүрүш алыш керек. Косового жаңы жөнөтүлүп жаткан Европалык миссиянын саясатын такташ керек. Анан кийин Косовону эгемендүүлүгүн тааныйбы же тааныбайбы - ар бир мамлекет өзү чечип алат.

Бул маселеде Европа бирдиктүү пикирде эмес. Тактап айтканда, Испания менен Кипр Косовонун бир тараптуу эгемендүүлүк жарыялашын колдобойт.

Косовонун эгемендүүлүгү байма-бай талкууланып жатат, бирок азырынча анын көз карандысыздыгы расмий тааныла элек. Мамлекеттердин көпчүлүгү, анын ичинде Кыргызстан да, бул суроодо ички жана тышкы саясий кырдаалды эске алып, этияттап жаткандай.

XS
SM
MD
LG