Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:48

АРМЕНИЯ: КАРАБАХ САЯСАТЧЫЛАРДЫ КАЙРАДАН КАЙРАШТЫРДЫ


Армениядагы быйылкы президенттик шайлоо --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/02/58126A58-EEBA-4D62-BB3C-24C2E5169899.ASP өнөктүгүндө өлкөнүн өнүгүү келечегине караганда өткөн он жылдык тарыхтагы талаштуу маселелер, айрыкча Карабах проблемасы боюнча өз ара быкый чукуган кеп-сөздөр көбүрөөк айтылды. Буга мамлекет башчылыгына талапкерлердин бири, армяндардын биринчи президенти Левон Тер-Петросян себепчи болду.

Левон Тер-Петросян 1996-жылы экинчи мөөнөткө президент болуп шайланып, арадан эки жыл өтпөй Карабахтагы экономикалык, жалпы эле саясий жагдайга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда бийликтен кеткен. Анын ордуна ошо кездеги оппозициянын - “карабах” кланын башчысы Роберт Кочарян шайланган. Соңку сегиз жыл ичинде ал бийлик бутактарын өңчөй өз кишилери менен бекемдегенге жетишти дешет.

Бүгүнкү шайлоодо саясий баш байгени алат деп жаткан азыркы өкмөт башчысы Серж Саркисян да “карабахчылардын” бакыйган өкүлү.

“Карабахчылар” бу жолу да өлкөнүн биринчи президентине катуу кыр көрсөтүштү. Аларга жооп кайтарып, Левон Тер-Петросян шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө азыркы бийликти,айрыкча президент Кочарянды армян жерлерин азерилерге алдырып жиберди деп үч курдай айыптады. Кочарян ошо замат каяша кылып, анын тушунда бир укум жер да азерилерге кетпегенин айтып, тескерисинче, эгер Тер-Петросян кайрадан президент болуп калчу болсо Карабахты баш-оту менен сатып жиберет деп эскертти.

Арменияда, анын ичинде Карабахта бир нече ирет болуп, ички жагдайдан жакшы кабары бар британдык эксперт Том де Вал тараптар бир бирин өтө эле ашыра айыптап жиберишкенин белгиледи. ”Мунун баары реалдуу пландарга эмес, шайлоо саясатына көбүрөөк окшошот”, - дейт ал.

Тер-Петросянды азыркы бийликтер Карабах проблемасын дүңүнөн чечкенге аракет кылган деп күнөөлөшөт. Бирок еревандык эксперт Агхаси Янукян тарыхта мындай чечим дегеле болбогонун, Тер-Петросян бийликтен кеткенден берки демилгелердин баарында этап-этабы менен чечиле турган кадамдар гана сунуш кылынганын бышыктады.

Кочаряндын командасында, анын “мураскери” болгону жаткан Саркисянда деле жаңыча бир идеялар жок. Болгону алар “карабах” маселесин биринчи президентке каршы кайрадан көзүр кылып пайдалангысы келишет. “Анткени бу өтө аялуу маселе, ошондуктан өз сөзүндө Тер-Петросян Азербайжан менен мамилелерди жакшыртуу, Карабах талашын мунаса жолу менен чечүү зарылдыгын жондотуп гана айтканга аргасыз болду, - дейт Еревандагы глобалдык жана регионалдык кызматташтык борборунун директору Степан Григорян. - Кокус маселени тереңирээк кеп кыла калса эле Тер-Петросянга дароо каралама кампания башталып турду. Коомчулукта болсо мунаса вариантын колдогондор азыр кыйла эле көптүк кылат”.

Шайлоо өнөктүгү маалында президенттикке талапкерлердин Карабах чатагы боюнча өз ара быкый чукушканы бу проблеманын чечилишин кыйындатпаса, жеңилдете албайт, дейт Лондондогу согуш жана тынчтык кабарлары институнун эксперти Том де Вал. Бу тема - эки өлкөдө тең коомчулуктун бүйүрүн тез кызытып жиберчү проблема. Армения менен Азербайжан ортосунда болсо бу проблемада азырынча чоң коо жатат.

XS
SM
MD
LG