Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:12

Кыргызстандагы оппозициячыл “Ата Мекен” партиясы Америка Кошмо штаттарынын эки штаты менен эки шаарында өкүлчүлүгүн ачып, эми Чыгыш Азия менен Батыш Европа мамлекеттеринде бөлүмдөрүн ачкан жатат. Партиянын басма сөз кызматы мындай маалыматты дүйшөмбү күнү таратты. Оппозициячыл партиянын чет өлкөлөрдө кулач жайышынын максаты эмне?

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын жакында эле Америкага барып келген төрагасы Өмүрбек Текебаевдин айтымында, чет өлкөлөрдө өкүлчүлүк ачуунун башкы максаты - партиянын чет жерде жүргөн мүчөлөрү жана тарапкерлеринин башын кошуп, чет мамлекеттердин талапташ партиялары менен өз ара алаканы күчөтүү:

- Биринчи кезекте чет өлкөдөгү, АКШдагы кыргыздардын башын кошуп, Кыргызстанда болуп жаткан окуялар менен тааныштырып, “Ата Мекен” партиясынын кеңсеси менен конференцияларды уюштуруп, пикир алмашуу. Партиянын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрү өздөрү жайгашкан мамлекеттин ички иши менен саясатына аралашпайт жана ошол өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өз ишмердигин алып барат. Ал юридикалык уюм эмес.

Өмүрбек Текебаевдин баамында, мындан тышкары өкүлчүлүктөрдүн чет өлкөлөрдөгү талапташ партиялар менен байланышты чыңдоодо каржыны үнөмдөп, ал жердеги абалды жакшы билген өкүлдөрдүн натыйжалуу иш жүргүзүүсүнө кошо турган салымы чоң:

- Алар партиянын тапшырмасы менен тигил же бул уюм менен байланыштарды жүргүзөт. Маселен, “Ата Мекен” партиясы Европадагы социалисттик интернационалга мүчө болгон жатабыз. Ал жакка ар дайым өкүл жөнөтүүгө партиянын каражаты жетпейт. Эл аралык жыйналыштарда биздин ал жактагы өкүлдөрүбүз партиянын көз карашын билдирип, катыша алышат. Бул уюштуруу жагынан чоң жардам болот.

“Ата Мекен” партиясынын чет өлкөдө өз өкүлчүлүгүн ачуусу турмуштук зарылдык дейт “Ар намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев. Анын айтымында, аны 2000-жылы өз өкүлчүлүктөрүн ачкан “Ар намыс” партиясынын тажрыйбасы аныктаган:

-Биздин өкүлчүлүктөр 2000-жылдан тарта Австралиядан баштап, АКШда, Европада, Азия өлкөлөрүндө, КМШда ачылган. Жыйынтыгы жакшы. Мисалы, ар кандай саясий акцияларды өткөргөндө алар колдоп берет. Биз менен жарышып иштеп, бизге керектүү зарыл маалыматтарды таап беришет. Саясий партиялар, коомдук уюмдар менен байланышып турушат. Биздин оюбузду же жүргүзүп жаткан саясатыбызды башка жердеги жарандарга, мисалы Кыргызстандан чет жерде жүргөн бир миллионго жакын шайлоочуларга, башка мамлекеттердин өкмөттөрүнө, расмий бийликтерине жеткирип турууга зарыл болот. Мына ошондой иштерди өкүлчүлүктөр аркылуу жасайбыз.

Ал эми “Замандаш” партиясынын мүчөсү Жума Абдуллаев чет жерде жүргөн кыргыз жарандарында мекенди сүйүү сезими курч болгондуктан кандай партиянын мүчөсү болбосун анын күчүн арттырууга куштар дейт:

- Сыртта жүргөн жарандардын Ата Мекенди сүйүүсү өтө жогору деңгээлге курчуп өсөт. Анан Кыргызстанда ишке ашпай жаткан процесстерге кейип, аларды ишке ашырууга колдон келген таасирин тийгизип, үнүн угузганга аракет кылышат.

Жогорку Кеңештин “Ак жол” партиясынан шайланган депутаты Максат Кунакунов Кыргызстандагы саясий партиялардын чет жерде өз өкүлчүлүктөрүн ачып, иш жүргүзүүсү колдоого аларлык иш, бирок, чет жерде жүргөн жарандардын өлкөгө тийгизе турган таасири бийликти алууга гана эмес, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн колдонулса деген пикирде:

-Жөн эле кетсин же келсин дегенден көрө, жаңы программаларды түзүп, туура эмес жасалып жаткан иштерди айтып турушса жакшы болот эле. Бирок, азыркы учурда бийликти талашуу күрөшү болуп жатат. Башка эч нерсе жок.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев алдыда турган ири саясий күрөштөргө чейин өткөн жылы Кыргызстанга 1,5 миллиард долларлык каражат жиберген чет жердеги жарандардын колдоосуна ээ болуу партия үчүн өтө маанилүү, анткени, алардын көз карашы саясий күрөштөрдө чечүүчү салмакка ээ болот деген ишенимде:

- Алар жөнөкөй жарандар эмес. Алар жеке үй-бүлөсүн гана эмес бүтүндөй Кыргызстанды багып жаткан жарандар. Алардын көз караш, пикирлери тууган-урук, жоро-жолдоштору арасында чоң салмакка ээ. Алар өздөрү шайлоого катыша албаган менен Кыргызстандагы бир топ чоң электораттын пикирин аныктап коюшу мүмкүн.
XS
SM
MD
LG