Миллер иш сапарында президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчы Игорь Чудинов менен жолугушат. Эки тарап Кыргызстандагы мунай-газ тармагын өнүктүрүү жана “Газпромдун” энергетикалык долбоорлорго катышуусу, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү маселесин талкуулайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)