Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

ҮЗӨҢГҮ-КУУШТУ “ У-ЧЕЙ-ФУ” АЛДЫ ЭЛЕ, ЭМИ КАРКЫРАНЫ КАЗАКТАР АЛАБЫ?


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин башкы темаларына көз жүгүртсөк “Аалам” гезити “Орус бийлиги кыргыздарды кордойбу?”, “МАИчилер менен ОМОНчулардын мушташы”,”Кыргыздын бир да ташын сатууга болбойт” деген, “Агым” гезити “Россия улуу коңшу, бирок чындык андан да улуу”,”Адис эмес дипломаттар сыртты да ирите баштады” деген, “Белый пароход” гезити “Кир куйруктар жана ой жоруулар”, “Орус авиабазасы же Калимбетова эмне дегиси келди эле?”, “Айылдагы капитализм” деген, “Де-факто” гезити “Каркыра жайлоосунун 620 гектары казактарга кетти”,”Курманбек Осмоновдун алкымы же 65 сомго кантип үй алса болот?” деген макалалар менен жарык көрдү.

Эгемендик алгандан кийин ырасмий тастыкталган документтерге ылайык Каркыра жайлоосундагы 620 гектар жер казактарга өтүп кеткен. Азыр буга ылайык казак чегарасы 10 чакырымдай бери жылып, казак тарап катуу кайтарууга алган. Совет убагында кою короолош, жайыты жакалаш жүргөн кыргыздар эми ошол тосмо бекеттен бир карыш да ары аттай албай калды. Казактардын пайдасына чечилген бул келишимди казак парламенти 5 жыл мурда эле ратификацияласа, Үзөнгү-Куушту алдыргандан кийин оозу күйүп калган парламент жок дегенде тарых алдында абийрим таза болсун деп аны карабай келген, бирок азыркы парламент президенттин колунда. Бу күндөрү Акүй ошол ратификациялана элек Каркыра маселесин парламентке кайрадан түртүп жаткан кези.

Мындан тышкары ушул эле бийлик Айдар Акаевге кылмыш ишин козгоп, кайра тартып алган 4 пансионатты кайрадан Казакстанга бердиртүү аракетин катуу баштады, анткени Бакиев Казакстанга баруучу иш сапарында Назарбаевге куру кол барбай белек-бечкек менен барышы керек да деп баяндады “Де-факто” гезити. Ушул эле гезит “Каркыра” жайлоосуна байланыштуу айрым жарандардын ой-пикирлерине да орун берди.

“Аалам” гезити 2005-жылдын 24-мартындагы “мандалак революциясы” деп аталган аңтар-теңтер окуядан кийинки саясый процесс позитивдүү нукта өнүктү деп айтууга болбос, анткени күндөн күнгө кедерибиз кетип баратат, азыр “март революциясы” менен анын революционерлерине эл ичинде туташ иренжүү пайда болду деп белгилеп, кезегинде Бакиевди “политический труп” деп тартынбай бетке айтууга жараган чоң саясатчы Алмазбек Атамбаев премьер-министрликке азгырылып Акүйгө бара коем деди эле, көп өтпөй ага чоң муктаждык жок экени билинип, Акүйдөн алеки заматта кубаланып, эми өзү”политический трупка” айланып калган кези деп жазды.

“Агым” гезити депутат Динара Молдошева өз эри Мирбек Жакыпов дегенди Боршайкомдун мүчөлүгүнө шайлатам деп кол койдуруп жүргөнүн, Транспорт жана коммуникация министринин сүймөнчүк күйөө баласы Нурлан Акматов Мамлекеттик бажы комитетинин тизгинин мыкчып олтурса, анын бир тууганы Абас уулу Кубан Нарын бажыканасын бийлээрин, биртууган Коңгантиевдер бири ИИМди башкарса, бири президенттин ЖКдагы ишенимдүү кишиси экендигин, Үсөн Сыдыков кеңешчиликтен кеткени менен уулу Бакыт Сыдыков учактардын уюгун башкарарын жазуу менен … аны “Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок” деген рубрика алдында жарыялады. Ушул эле гезит Канттагы Россия аскер контингенти ШОС саммитине чейин 50 пайыз көбөйгөн. Андан кийин да көбөймөк. Ага жараша ээлеген жери да көбөймөк. Бирок эмне үчүн алардан аренда акы албайбыз? Тескерисинче Россиянын Канттагы аскер базасынын коммуналдык тейлөөсүн- электр, ысык, муздак суу, жылуулук жана башкаларга кеткен чыгымдарынын баарын Кыргызстан төлөйт. Ал эми Ысык-Көлдүн Тамга тарабы, аскерий санаторий менен эски аэропорту орустардын карамагына өттү деген кеп бар. Бул боюнча суроо берилсе эле кыргыз бийлиги бетине ОДКБ, ЕврАЗес, ШОС сыяктуу уюмдарга мүчө болгондугун кармай калат, эгер андай болсо жогорудагы уюмдардын баарына мүчө болгон, анан биздей кедей-кембагал эмес, бай Казакстан эмнеге ошол эле Россиядан Байкоңур үчүн миллиарддаган доллар аренда акы алып жатат? Кыскасы Россия кыргыз бийлигинин кынк этпей тураганына ишенип, өзүнүн ар кандай бизнес тармактары аркылуу суу ресурстарыбызды, гидроэнергетиканы приватташтырып алуу аркетин жүргүзүүдө, мындан башка анын Кыргызстанга кымындай да экономикалык кызыкчылыгы жок, эгер ушул жол менен кете берсек Кыргызстан акыры Россиянын чындап тактекесине айланат. Ал эми кийинки кездери көбүрөөк жаманаттылай баштаган АКШ 92-жылдан бери ырасмий маалыматтар боюнча Кыргызстанга-930 миллион доллар жардам берген, анын көбү грант түрүндө болгон деп жазды.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG