Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:15

Дүйшөмбүдө Брюсселде чогулган Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Косовонун көз карандысыздыгы боюнча бир пикирге келе алышкан жок. Шаркетке мүчө көпчүлүк мамлекеттер эгемен Косово мамлекетин таанырын айтса, өз аймагындагы жикчилдик маанайынан чочулаган бир катар өлкөлөр терс көз караштарын билдиришти.

Ошентип, Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер Косовонун көз карандысыздыгы тууралуу бирдиктүү билдирүү жасабайбыз деп макулдашышты. Бул тууралуу Брюсселдеги жолугушуунун соңунда Биримдикке учурда төрагалык кылып жаткан Словениянын тышкы иштер министри Дмитрий Рупель маалымдады.

- Европа Биримдиги кырдаал боюнча бир пикирге келди. Ага ылайык, Биримдикке мүчө ар бир мамлекет Косово тууралуу жеке өзүнүн көз карашын билдире алат.

Дмитрий Рупель Евробиримдик кайсы бир мамлекеттин көз карандысыздыгын тааный турган бийлик укугуна ээ эмес, ага мүчө айрым мамлекеттер Косовонун көз карандысыздыгын эртели-кеч таанып, кээ бирлери аны эч убакта кабыл албашы мүмкүн деп кошумчалады.

Анысы кандай, дүйшөмбүдө Шаркетке мүчө Франция, Британия, Италия көп күттүрбөстөн Косовонун көз карандысыздыгын таанырын жарыялашты. Германия демократиялуу Косовону көпчүлүк өлкөлөр колдоп берет деген илгери үмүтүн билдирди.

Бирок Испания баш болгон өз аймагында бөлүнүп-жарылуу маанайы бар мамлекеттер терс көз карашта экенин ачык айтышты. Испаниянын тышкы иштер министри Ангел Моратинос Мадрид бул маселеде артка кайтпайт деп белгиледи,

- Испания өкмөтү кечээ Косовонун парламенти бир тараптуу жарыялаган көз карандысыздыкты тааныбайт. Бул чечим эл аралык мыйзамдарды эске албагандыктан биз аны тааныбайбыз. Испания өкмөтү ар убакта эл аралык мыйзамдарды урматтап келген.

Испанияда маселен, көптөн бери өз алдынчалык үчүн күрөшүп келаткан Басктар республикасы өңдүү жикчилдер Косовонун өрнөгүн өнөкөткө айлантып жибереби деген чочулоо күчтүү. Мадриддин Косово боюнча терс көз карашын Кипр, Румыния, Грекия, Словакия жана Болгария жактап чыгышты.

Ошентсе да, Евробиримдикке мүчө мамлекеттер Косовонун бийликтери жана Улуттар уюму суранса, аймакка укуктук колдоо жана тартип коргоо жагынан жардам бере турган 2000 кишилик миссия жайгаштыруу маселесин макулдашышты.


Бирок кантсе да, келечекте Косовону Евробиримдикке кошуу, чөлкөм менен эки тараптуу кызматташтык маселелерине келгенде, Шаркетке мүчө бардык мамлекеттердин макулдугу талап кылынаары талашсыз. Европалык орток мекемелер Косовонун көз карандысыздыгын оор сокку катары кабыл алган Сербия менен байланыштарды да эске алууга аргасыз.

Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер: “Бул Европа үчүн, Косоволуктар үчүн абдан чоң ийгилик, Сербия үчүн эч убакта утулуш эмес. Бул биз келечекте Евробиримдикке кошулат деп үмүттөнүп жаткан сербдердин да ийгилиги," - деп белгилегени менен, Белград бул пикирге эч убакта кошулбастыгын ырастоодо.

Сербия өкмөтү Косовонун көз карандысыздыгын эч качан тааныбай турганын кайталап, Косоволук жетекчилерге өлкө конституциясын бузду деп кылмыш иш ачты. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Брюсселде кабыл алган декларацияда: “Косовонун тагдыры өзгөчө маселе, ал башка региондорго өрнөк боло албайт” деп басым жасалганы менен, ушул эле күнү жикчил Абхазия жана Түштүк Осетиянын лидерлери Москвада маалымат жыйынын өткөрүп, алардын республикалары да Косоводой эле көз карандысыздык алууга татыктуу деп билдиришти.

Армения Косоводон улам талаштуу Тоолуу Карабактын келечегинен үмүт жанды деген пикирин айтса, бул аймактарга түздөн-түз тиешеси бар Грузия менен Азербайжан Косовонун көз карандысыздыгын тааныбайбыз деп жарыялашты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG