Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

10:47 Балыкчы-Барскоон жолунун боюнда жашаган тургундар Кумтөр компаниясын сотко берди


Арызданган тарап «Кумтөр Оперейтинг Компани» ишканасынын оор жүк ташуучу автоунаалардын аталган жолдон эки тарапка тынбай каттоосунун кесепетинен турак-жайлары жараксыз абалга келип жатканын белгилешкен. Алар мындан тарткан зыянын 1001971 сомго баалашууда. Маалыматка караганда, тиешелүү адистерден куралган комиссия бул автоунаалардын айынан 180 турак жайга зыян келтирилгенин аныктап, шашылыш түрдө оңдоп-түзөө иштери талап кылынаары тууралуу тыянак чыгарган. Мындай тыянак тургундардын сотко кайрылуусуна негиз болгон. Алардын соттогу ишенимдүү адамы катары ЖК төрагасынын орунбасары Кубанычбек Исабеков дайындалганын парламенттин маалымат кызматы кабарлады. (SM)

XS
SM
MD
LG