Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

11:28 «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор даярдалууда


Аны И. Масалиев, А. Сабиров, Д.Молдошева баштаган депутаттардын тобу иштеп чыгууда. Учурда анын 90 пайызы бүтүп калды. Долбоор толук иштелип бүткөн соң Конституциялык түзүлүш жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин кароосуна жиберилет. Долбоордун авторлорунун бири, депутат Динара Молдошева андагы негизги өзгөчөлүктөр катары «ар бир саясий партиянын сөзсүз түрдө эки жүздөн кем эмес мүчөсү бар облустук бөлүмдөрү болушу керек», «парламенттик шайлоодо беш пайыздык чекти багындырган партиялар мамлекеттик бюджеттен каржыланыш керек» деген өзгөртүүлөрдү атады.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG