Бишкек мэриясы шаар ичинде каттаган кичи автобустардагы жол акыны 5 сомдон 7 сомго чейин, кечки саат 9дан кийин 10сомго көтөрүү маселесин март айында болчу шаар кеңештин жыйынына алып чыгууну болжоодо. Бул тууралуу шаар башчысы Данияр Үсөнов бүгүн журналисттерге билдирди. Жол кире кымбаттар-кымбаттасы эми шаар кеңештин чечимине жараша болот. Мэрдин сөзүнө караганда, жол кирени өз алдынча, өзү каалагандай көтөрүп алган айдоочулардан болсо лицензиясы алынат.(SM)