Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

14:34 Кыргызстанда «ал-Каида» активисттери менен тарапкерлеринин ишмердиги аныкталды


Бул тууралуу каржылык чалгын кызматынын башчысы Максатбек Садыров бүгүн парламенттин бюджет жана каржы комитетинин жыйынында аталган комитет төрагасы Аскарбек Шадиевдин суроосуна жооп берип жатып айткан. Анын сөзүнө караганда террордук уюмдун тарапкерлери бул жерде арам акчаны адалдоо менен алектенген. Каржылык чалгын кызматы муну күбөлөгөн документтерди тапты жана буга байланышкан 30 чакты ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет менен ИИМге өткөрүп берген. Бир канча өлкөлөрдө издөөгө алынган «ал-Каида» активистине байланышкан акыркы факт өткөн жума күнү аныкталган. Жогорку Кеңеште бүгүн бул тууралуу сөз болгонун бюджет жана каржы комитетинен жана аталган кызматтан «Азаттыкка» тастыкташты.(SM)

XS
SM
MD
LG