Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

АРМЕНИЯ: ЭКИ КҮЧТҮҮ ТАЛАПКЕР ПРЕЗИДЕНТ ШАЙЛАНАРЫН АЗЫРТАН АЙТУУДА


Армениянын келерки президенти 19-февралда эле шайланабы, азырынча так айтуу кыйын. Бирок мурдакы президент Левон Тер-Петросян менен премьер-министр Серж Саркисян өз жеңиштеринен күмөн санашпайт. Байкоочулар да негизги күрөш береги эки саясатчы ортосунда болорун айтышууда. Президенттикке бардыгы тогуз талапкер ат салышууда. Шайлоого ЕККУнун 300дөн ашуун байкоочусу, ошондой эле Еврокеңештин жана башка уюмдардан да ондогон өкүлдөр байкоо салат.

Экс-президент Левон Тер-Петросян шайлоо өнөктүгүн ишемби күнү Ереванда чоң демонстрация менен аяктап жатып, добуштарды бурмалоого жол берилбесин катуу эскертти:

- Сиздер менен бирге мыйзам берген бардык укуктарыбызды жана мүмкүн болгон бардык мыйзамый жолдорду колдонуп, шайлоонун бурмаланган жыйынтыгын кайра карап чыгабыз. Жеңишибизди кайтарып алмайын эч кимибиз үйгө кетпейбиз.

Премьер-министр Серж Саркисян жекшемби күнү он миңдеген тарапкерлери алдында Армениянын эмки президенти болорунан кыпындай да күмөнү жок адамдай сүйлөдү:

- Мен бардык элдин президенти болом. Мен мага добуш берген шайлоочулардын жана башка талапкерлерди колдогон мекендештеримдин президенти болом.

Саркисян шайлоонун биринчи эле айлампасында 50 проценттен ашуун добуш алып жеңип чыгаарына ишенеби, анысын айткан жок. Бирок, президент шайлансам пенсияларды, айлык маяналарды, социалдык төлөмдөрдү эки эсеге көбөйтөм, ички дүң продукция да эки эсе өсөт деп күпүлдөдү.

Бийлик колдогон Саркисян азыркы президент Роберт Кочарян сыяктуу эле Тоолуу Карабах “кланынын” өкүлү жана премьер-министр катары экономиканын соңку алты жылдагы он проценттен кем эмес өсүүсүнө анын да чоң салымы бар.

1998- жылдан бери саясатка активдүү аралашпай жүрүп, эми кайра жарышка түшкөн Тер-Петросян болсо элге Саркисян айткандан да жакшы жашоону, ошондой эле жемсөөлүктү азайтам деп убада кылды. Тер-Петросянды колдогон күчтөрдүн ичинде оппозициядагы “Мурас” партиясы да бар. Анын лидери, Армениянын мурдакы тышкы иштер министри Раффи Ованисян кош жарандуу болгону үчүн шайлоого катыштырылган жок.

19- февралда жеңүүчү аныкталбаса, экинчи айлампага парламенттин мурдакы спикери Артур Багдасарян да чыгышы мүмкүн экени айтылууда. Ал Армениянын НАТОго өтүүсү боюнча президент Кочарян менен ачык полемикага чыгып, ошондон кийин спикерликтен кеткен.

Армения эгемен мамлекет болгондон бери бир да шайлоо эларалык байкоочулардын “калыс жана эркин” өттү деген баасын ала элек. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму былтыркы парламенттик шайлоону мурдакы өнөктүктөргө караганда “бир кыйла жакшы” өттү деп баалаган.

XS
SM
MD
LG