Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:36

18:27 «Ата Мекен» партиясы БШК шайлоо жыйынтыгын расмий жарыялабаганына кабатыр


Мыйзам боюнча БШК шайлоонун жыйынтыгын 10 күн ичинде жарыялашы керек, бирок парламенттик шайлоо өткөнүнө 53 күн болсо да өлкө калкы расмий жыйынтыкты уга элек, - деп айтылат «Ата Мекен» бүгүн тараткан билдирүүдө. Анда ошондой эле БШК мыйзам боюнча беш пайыздан ашык добуш алган партияларга шайлоо алдында койгон күрөөсүн кайтарып бериши керектиги, «Ата Мекен» болсо аны ала албай жатканы белгиленип, мындай аракет оппозициялык партияларга бийлик структураларынын кысымы катары бааланган. Мындан сырткары БШК бул маселе боюнча эч кандай аракет жасабаса партия сотко кайрылууга аргасыз болоору эскертилет.(SM)

XS
SM
MD
LG