Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:37

"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн тегерек үстөл үстүндөгү талкуусу Кыргызстандагы экономикалык абал, инвестициялык климат, коррупция, учурда талаш-тартышты жараткан энергетика маселесинин айланасында болду. Талкууга экономист Оруйпа Сулайманова жана Түштүк Корея инвестициялык корунун жетекчиси, экономист Жумакадыр Акенеев катышты. Аңгеме-дүкөндү Айгүл Жунушалиева уюштурду.

Айгүл Жунушалиева: Учурдагы экономикалык абал тууралуу сөз кылсак. Мына ушул жылдын 10-январда өлкө президенти Курманбек Бакиев кыргыз элине, Жогорку Кеңешке кайрылуу жасады. Ошондо экономика тууралуу көп сөздөрдү айтты. Анын айтымында, саясий стабилдүүлүк келип, конституциялык реформалар ишке ашып, эми экономика менен алпурушканга мезгил жетти. Экономикада кандайдыр бир маанилүү стратегиялык чечимдерди жасашыбыз керек деп айтты.

Оруйпа айым, сиздин баамыңызда, чын эле ошол экономиканы көтөрүүгө өбөлгө түзүлдүбү? Дегеле азыркы экономикалык абалга бааңыз кандай?

Оруйпа Сулайманова: 2005-жылы, 24-мартта жаңы бийлик келгенде бардыгын жаңы барактан баштайбыз, өсүш болот, стабилдүүлүк болот деп ойлогонбуз. Бир-эки жыл дагы стабилдүүлүк болбой туруп, бирок буюрса былтыркы жылдан бери кичине стабилдүүлүк болуп калды дейбиз. Бирок чиновниктердин айтканы боюнча экономикада абдан эле чоң өсүш бар деп жатабыз. Мына бюджет мурда 350 миллион доллардын тегерегинде болсо, быйыл 1 миллиард доллардан ашык бюджетти кабыл алдык деп жатабыз. Эми ушундан эле өсүш бар болгону республиканын масштабында көрүнүп турат.

Бирок биздин республиканын 60 пайыз элинин байыганы, экономиканын көтөрүлгөнү көрүнбөй эле турат. Биз агрардык республика болсок, анан агрардык сектордо өсүш болбосо, анда эмнебиз өсүп жатат? Кантип эле “жыргап жатабыз” деп айта алабыз?

Ушул жагынан мен бир проблеманы козгоп кетким келип жатат. Биздин каражаттарыбыз, байлыгыбыз таптакыр туура эмес эсептелип жатат. Анткени биз ойлогонбуз ушул 24-марттан кийин орусча “переоценка” деп коет, кайталап баалоо керек дегенбиз. Бардык байлыгыбызды баалап чыгып, эмне менен жашайбыз, эмне байлыгыбыз бар, мына ушуну билип туруп, мындан ары ушуну кантип өркүндөтүп кетсек жакшы болмок. Туура эсеп болсо, бажы тармагында, электр энергия секторунда эмнени жоготуп жатабыз? Ушунун бардыгы так эмес эсептин негизинде жоголуп жатат.



Айгүл Жунушалиева: Оруйпа айым көмүскөдөгү экономика тууралуу кеп салды. Расмий маалыматтар боюнча, азыр учурда көмүскө экономика Кыргызстанда 50 пайыздын тегерегинде экен. Жумакадыр мырза, ушуну эске алганда кыргыз экономикасы кандай абалда?

Жумакадыр Акенеев: Акыркы үч жылдын ичинде экономика канча пайызга өстү? Бирок канча пайызга баалар көтөрүлдү? Биз мына ушуну эске алышыбыз керек. Экономиканын өсүшү элдин жашоо-турмушуна байланыштуу болуш керек. Сиз туура айтасыз, мына биздин эң негизги экономикабыздын начарлыгы - көмүскө экономиканын күч алышы. Мен ойлойм,биздин 2-3 бюджет ошол көмүскө экономикада айланып жатат.

Жалпы Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, биздин 60 пайыз элибиз жакырчылыкка дуушар болуп, алган пенсиялар, айлыктар араң эле тамак-ашка жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок ошонун эле тегерегинде имараттар салынып жатат, квартиралар бири-биринен жогору баада алынып жатканын биз көрүп турабыз. Анын бардыгына биз күбөбүз. Ошонун бардыгы көмүскө экономикага байланыштуу.

Айгүл Жунушалиева: Жумакадыр мырза, президенттин кайрылуусунда ал мамлекеттин карамагындагы баалуу мүлктөрдү жеке колго беришибиз керек деп айтып өттү. Сиздин баамыңызда, жеке колго берүү жараяны Кыргызстанга канчалык пайда же зыян алып келиши мүмкүн?



Жумакадыр Акенеев: Мен өзүм Түштүк Корея инвестициялык фондду жетектейм. Өнүккөн мамлекет Түштүк Кореяда бүгүнкү күндө электр тармагы мамлекеттин колунда. Мамлекет бул тармакты өзүнүн колунан чыгарбай турат. Себеби бул эң чечкиндүү тармак.

Бирок биздин шарттарда алсак кандай болот? Биз айтып жатпайбызбы, “Камбарата-1, Камбарата-2ни куруп бүтүшүбүз керек” деп. Андан сырткары 5-6 гидроэлектростанция куруш керекпиз.

Чын-чынына келгенде электрэнергия тармагы биздин мамлекетибиз үчүн абдан маанилүү тармак болуп эсептелет. Келечекте биз ушул тармактан эле 500 миллион-1 миллиардка чейин киреше алуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошо бойдон кармап турсак эч кандай пайда жок. Себеби бизде азыр 2 миллиард тышкы карызыбыз бар. Башкалар келип, дагы карызга акча берип, курдурганга мүмкүнчүлүк жок.

Бул кандай баага приватташтырылат? Өткөндө премьер-министр Игорь Чудинов 66 пайыз мамлекеттин колунда калат, 34 пайызды беребиз деп айтып кетти. Бирок кандай баага беребиз? Мына азыр көз карандысыз эксперт айтып жатат: Кыргызстандын электрэнергия тармагы - суу сактагычтардын бардыгын эсепке алганда - 70-80 миллиарддын тегерегинде турат деп. Ошол 70 миллиарддан 34 пайызы 25 миллиардды түзөт экен. Ошондой акчага бирөөгө берилсе, анда мен ойлойм туура жол болот деп.

Себеби мамлекет 66 пайызды колуна кармап, тарифтерди көтөрүү жана башкаруу боюнча сактап калат. 26 миллиарддын 2 миллиардын тышкы карызыбызды жоюуга жумшап, андан сырткары өз күчүбүз менен ошол 24 милилардды Камбарата-1, Камбарата-2, башка 5-6 гидроэлектростанция курууга, жолдорду оңдоого, 5 миллион элди жумуш менен камсыз кылууга колдонсо, мен ойлойм туура жол болот деп.

Айгүл Жунушалиева: Сиздин баамыңызда, маанилүү мүлктөрдү, ошол эле энергетика тармагын жеке менчикке өткөрүп берүү маселеси кандай болот?



Оруйпа Сулайманова: Энергетика системасы - бул өз колубуздагы эң биринчи байлыгыбыз. Бул тармак мурда бир система болчу. Аны үчкө бөлдүк. Электрстанциялар өзүнчө, “электрические сети” деп аталган жеткирүүчү тармак жана бөлүштүрүлүүчү тармак.

“Акыйкат апалар” деген коом бар. Чудинов министр болуп турганда ага кат жазып, мындай жооп алганбыз: Бизде электроэнергияны өндүргөндүн өздүк наркы 3 тыйын турат экен. Бишкектин жылуулук станциясынын чыгымдарын кошкондо өздүк наркы бардыгы болуп 11 тыйын турат экен. Азыр өз элибизге 62 тыйындан сатып жатабыз. Коммерциялык тармактарга 90 тыйындан ашык сатып жатабыз. Экспорт жасагандарга 42 тыйындан сатабыз. Башкача айтканда, өз элибизден дагы арзанга сатып жатабыз. Мисалы үчүн Казакстан жана Орусияга.

Эмне үчүн өз элибизге өзүбүз өндүрүп жаткан электроэнергияны 3 тыйынды канча эсе кылып кымбат сатып жатабыз? Айтып жатабыз го 40 пайыз жоготуулар болуп жатат деп. 14 миллиард киловат саат өндүрүлөт да республикада. Ошол 5 миллиард 600 миллион киловат жоголот экен. Ушунун эсебинен биз 3 жарым миллиард сом жоготуп жаткан экенбиз.

Ал эми бизге 60 пайызы түшүп жатат дейбиз да, ал 150 миллион түшүп жаткан экен. Ушул 150 миллионду түшүп жатканда эле, өндүрүп жаткан электрэнергиянын санына доллар менен бөлүп чыксак, бул 39 тыйындай болот. Азыркы күндө түшүп жатканы 40 тыйындын тегереги экен да. Ушул 40 тыйындан ашырбай эле элге сатса, биз бүгүнкү эле экономиканы кармап турганга мүмкүнчүлүгүбүз болот экен. Бул 70-80 жыл эки муун түзгөн тармак. Муну бир эле кишилерге менчикке берип койгонго болбойт.



Айгүл Жунушалиева: Бирок антпейли десек, көптөгөн адисттер айтып жатышат, ошол эле энергия тармагын көптөн бери модернизация болбогон, көптөн бери ремонт болбогон, курулшган эмес. Чет элдик инвесторлордун жардамысыз Кыргызстан бүтүрө албайт деп. Буга кошула аласыздарбы?

Оруйпа Сулайманова: Мен ушул жерден бир маселени кошуп кетейинчи. “Биз модернизация жасаш керек, өзүбүздүн акчабыз жетпей жатат” дейбиз. Бирок элге сатып жаткан 62 тыйындын 20 тыйынын дагы амортизациялык чегерүүлөр бар. Бул амортизациялык чегерүүлөрдү мен эсептеп чыксам бир жылда 150 миллион доллар болот экен. Бошогон акчага жабдууну жаңыртышыбыз керек деген маселени козгобой жатабыз.

Жумакадыр Акенеев: Мен айтат элем, “өз күчүбүз менен ошол станциялардын бардыгын салабыз, эң керектүү жумуштарды жасайбыз” десек, жок дегенде 30-40 жылга созулуп кетиши мүмкүн. Биз муну күтө албайбыз.

Бүгүнкү күндө өндүрүлгөн электронэнергия Анжиянга барат. Себеби Советтер союзунда бөлүүчү подстанция ошол жакта курулуп калган экен. Бүгүнкү күндө Токтогул ГЭС жана башка ГЭСтер өндүргөн энергия Анжиянга барып, кайра Кыргызстанга келет. Быйыл абдан катуу кыш болду. Биз деле көрүп жаттык. Керек болсо, өзбек туугандар каалаган убакытта рубильникти жаап коюушу мүмкүн. Ошондой подстанцияны өзүбүзгө курууга зар болуп жатабыз.

Түштүк Корея компаниясына Кыргызстандын жерине куралы деген талап коюп жатабыз. Андан сырткары толук түштүк боюнча электрэнергия өткөрүүчү системанын бардыгын реконструкциялап өзгөртүү керек. Себеби быйыл газ 145 доллар болуп калды. Кийинки жылы 300 доллар болушу мүмкүн. Мындай болгон күндө ошол газды төлөгөнгө , колдонууга эч кандай мүмкүнчүлүк болбойт. Кымбат болуп калат.

Ошон үчүн 3-4 жыл ичинде болгон мектептерди, бала-бакчаларды, үйлөрдү жарык менен жылытуу маселеси коюлуп, андан сырткары тиги жактан өндүрүлгөн энергияны түндүк жакка алып келип, Кемин менен байланыштырып, түндүк жакты дагы ошондой жолго өткөрүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө 260 миллион доллар өлчөмүндө долбоор даярдап жатабыз. Жакында буюрса кол коюлушу керек. Бирок түздөн-түз инвестиция болуп эсептелет. Биз көмүр менен кутулабыз. Кореялыктар макулдугун берди, Көкянгаяк, Ташкөмүр, Кызылкыя өңдүү илгерки шахталар иштебей калагн да, ошолорду кайрадан иштетип, он жыл ичинде көмүр менен кутулабыз.

Бирок үч айга жакындап калды, Кыргызстанга эң керектүү долбоорго кол койдура албай жатабыз. Энергетика министрлиги жактан кол коюлмак эле. Бардыгы илгерки жолго салынып эле ар түрдүү тоскоолдуктар болуп жатат. Көрсө булар Азиялык, Эл аралык банк менен “кайра Кыргызстан карызга акча алып, ошол объектилерди курдуралы” деп сүйлөшүптүр. Эми бул “өз электрэнергияга ээ болгонубуз Кыргызстанга керекпи же кереги жокпу?” десек, “ооба, керек” дейт дагы, бирок кол коюу жагына келгенде адисттерден баштап жетекчилер кошулуп, абдан чоң тоскоолдук жаратышат. Оруйпа айым айткандай, жогорку жакта коррупция тоскоолдук туудуруп жатат.



Айгүл Жунушалиева: Электр кубаты апрель айынан баштап кымбаттаганы турат. Бул жаз айларында башка азык-түлүктөрдүн баасынын кымбаттоосуна алып келиши мүмкүнбү? Кандай ойлойсуздар?

Жумакадыр Акенеев: Сөзсүз түрдө кымбаттайт. Себеби бардыгы бири-бирине байланыштуу.

Айгүл Жунушалиева: Жумакадыр мырза, былтыр кымбаттоо 30 пайыз болгон экен, быйыл канча болот деп ойлойсуз?

Жумакадыр Акенеев: Канча пайызга кымбаттаса, электрэнергия, күйүүчү-майлоочу май ошол эле пайызга кымбаттайт. Бул экономиканын түздөн-түз мыйзамдары.

Айгүл Жунушалиева: Кийинки суроо инвестиция тууралуу болмокчу. Жумакадыр мырза, сиз инвестициялык фондду жетектейсиз. Түздөн-түз инвесторлор жана инвестиция менен иш алып барып, бул маселени ичтен билесиз. Менде колумда расмий маалымат турат. Былтыр инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөр ичинен биринчи орунга озуп чыккан. Бирок ошол эле маалда бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги боюнча же экономикалык эркиндик индекси деген боюнча Кыргызстан көптөгөн өлкөлөрдөн артта турат. Азыркы учурда инвестициялык климат деңгээли канчалык?

Жумакадыр Акенеев: Инвестиция жагынан абалыбыз абдан жакшы дегенден алысмын. Жалпысынан Өзбекстанга караганда мүмкүн мыйзамдарыбыз либералдуу болуш керек. Биз Кыргызстанга келип, өз акчабызды жумшайлы деген инвесторлордун 90 пайызы кайра кетип жатат.

Айгүл Жунушалиева: Эмнеден улам болуп жатат?

Жумакадыр Акенеев: Көп мыйзамдарды чиновниктер байлап койгон. Мыйзам иштебейт, айыл өкмөтүнүн же министрлик деңгээлинде чиновник болобу, ошолор чечсе чечет, болбосо жок. Бул түздөн-түз тоскоолдукка алып келет. Ар түрдүү тармакта жашыл коридор деп түзүп жатпайбы. Келгенден баштап, аларды тосуп алып, айларга созбой, инвесторлордун сунушун Каржы жана Юстиция министрликтеринен турган экспертизадан өткөрүшсүн. Анан алар жок дегенде 2 жума ичинде карап көрүп, эгер ошол инвестиция Кыргызстанга пайда болсо, ага жашыл жарык берип, чечим кабыл алып иштетиш керек. 2-3 ай жүргөндөн кийин эч кимдин кызыгы калбай калып жатат.

Айгүл Жунушалиева: Оруйпа айым, сиздин баамыңызда, инвестициялык абал кандай деңгээлде?

Оруйпа Сулайманова: 17-18 жылдан бери эгемендүүлүктө жашап жатабыз. Биринчи президенттин убагында “мынча инвестиция келди” деп мактанып жатканбыз. Ошол инвестициялар кумга куйган суудай болуп эле жоголуп кетти. Кана алар? Кандай жыйынтык чыгарылып, кандай өсүш болду? Ушуну бир экономист изилдеп көрүп, мына бул инвестиция мындай өсүш берип, деп айта алабызбы? Эмне үчүн айта албайбыз?

Булар мындай экен. Жаңы бийлик келгенде Тамчыдагы аэропортту иштетебиз деп Орусиядан инвесторлор келди. Тамчыдагы аэропортту жасап чыгалы дагы, Көлдүн аркы өйүзүнө катер менен өтүп дүйнөлүк масштабдагы чоң объект куралы деди алар. Көп өз ойлорун айтып, Акүйгө кирип-чыккандан кийин алар “силер менен сүйлөшкөнгө болбойт экен, кайда барсак эле 10 пайыз сурайт турбайбы. Баягы эле система уланып жаткан турбайбы” деп, чемодандарын салып алып, кайра артка жөнөп кетишти.

Кайсы инвестиция кандай келди? Мына бул үчүн ачыктык керек. Бизде эч качан ачыктык жок да. Каяка инвестиция келсе, ошого бут тосуп эле, “шапкасын” алмайынча жылдырбай отурса, элдин, экономиканын кызыкчылыгына иштейм деген инвестицияны келтирбей жатсак кантип оңолобуз?


Айгүл Жунушалиева: Жыйынтыктоочу сөз. Мына ушул экономиканын өнүгүүсү үчүн кандай кадамдарды жасайбыз? Дегеле өнүгөбүзбү, өсөбүзбү?

Оруйпа Сулайманова: Бизде казынага түшпөй, тескери көмүскө экономикага көп кетип жаткан багытты туура буруш керек дагы, ошону туура эсепке алып, анан экономиканы көтөрсөк болот. Бир аналитикалык топ түзүп, ошолордун оюн угуп, адисттерди чогултуп "мындай резервтер бар экен, мындай кылсак болот экен" деп, беш-алты тармакты көтөрсөк, 5 миллион элди жөн эле алаканга салып багып, экономикабызды өйдөлөтсөк болот.

Жумакадыр Акенеев: Биринчиден, саясий жактан сөзсүз стабилдүүлүк болуш керек. Жетекчиликке профессионалдар келиш керек. Үчүнчүдөн, бул жерде саясий чечкиндүүлүк керек. Ошол мамлекетти, өкмөттү башкарган адамдар чечкиндүү болуш керек.

Коррупция деп айтып жатпайбызбы. Бул шылтоо болуп жатат. Коррупция дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бар. Мунун бардыгы шылтоо. Мен ойлойм, Кыргызстандын шартында ошол коррупциядан биз баш тартсак болот. Ошон үчүн менин оюм боюнча ушул маселелер чечилсе, мен дагы кошулам.

15 жыл мурун Кыргызстандын келечеги жөнүндө китеп жазгам. Бизде эмне гана жок? Татынакай адамдарыбыз, шарттар, таза суу, таза аба дегендей. Жакшы жашоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок биз мурдагы Советтик союзунун республикаларынын 12 өлкөлөрүнүн ичинде эң аягында турабыз. Акыркы жылы Тажикстан ашып кетти да бизден. Бул биз үчүн намыс болуш керек. Болгон күчтү биригип алып, экономика көтөрүүгө жумшашыбыз керек. Мен ойлойм кыйынчылыктан чыгып кетебиз.

Айгүл Жунушалиева: Тегерек үстөлдөгү талкууга катышып, өз пикириңер менен бөлүшкөнүңөр үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG