Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:06

Маектешкен Бүбүкан Досалиева, Бишкек Кыргызстандын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов быйыл 80 жашка чыгат. Мына ушуга байланыштуу президенттин жардыгы менен Кыргызстанда 2008-жыл “Чыңгыз Айтматовдун жылы” деп жарыяланып, ушул тапта анын мааракесин эл аралык деңгээлде өткөрүү аракеттери көрүлүп жатат. “Азаттык” үналгысы да бул окуяга байланыштуу “Айтматов жана доор” берүүлөр түрмөгүн баштады. Кабарчыбыз Бүбүкан Досалиева маданият жана маалымат министри Султан Раевге Айтматов жылын белгилөөгө арналган иш-чараларды билүү үчүн суроо узатып, маек курган.

- Султан мырза, 2008-жыл Кыргызстандын улуу жазуучусу “Чыңгыз Айтматовдун жылы” деп белгиленди. Ушул жылдын алкагында кандай иш-чаралар жасалат жана Маданият министрлиги кандай аракеттерди көрөт?

- Быйылкы жылды президент Курманбек Бакиев өз жардыгы менен “Чыңгыз Айтматовдун жылы” деп жарыялады. Себеби дүйнө жүзү жана бүткүл адамзат быйыл кыргыз элинин чыгаан жазуучусу, дүйнөлүк деңгээлдеги кадыр-барктуу инсан Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесин белгилейт.

Мааракени белгилөө менен биз жалпы кыргыз улуттук адабияттын шаасы болгон жана кыргыз элин дүйнөгө өзүнүн чыгармачылыгы менен тааныткан инсанга болгон таазим көрсөтөбүз деп баалашыбыз керек. Буга чейин биздин өлкөбүздүн тарыхында мамлекеттик деңгээлде бир жылдык мааракени белгилөө болгон эмес. Себеби, бир жылды бир гана адамдын чыгармачылыгына арноо, ошол адамга урмат-сый көрсөтүү биринчи кезекте Чыңгыз Айтматовдун эмгегине жогорку баа берүү деп эсептөө зарыл деген ойдомун.

Азыркы күндө уюштуруу комитети түзүлгөн. Жакын арада анын биринчи жыйыны болот. Ошондо Чыңгыз Айтматов жылынын алкагында өткөрүлө турган иш-чараларды белгилейбиз. Айрыкча ошол жүктүн негизги бөлүгү Маданият жана маалымат министрлигине туш келип жатат.

Биз азыр айылдан тартып, борборубуз Бишкекке чейин өтчү элүүгө жакын эл аралык жана республикалык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатабыз. Ошонун бири катары “Айтматов жана азыркы мезгил” деген чоң эл аралык форум өткөргөн жатабыз. Ага дүйнөлүк интеллектуалдык элитанын өкүлдөрү келишет. Анда бир гана Айтматовдун чыгармачылыгы эмес, анын чыгармачылыгынын негизинде бүгүнкү ургалдуу мезгилдин проблемаларын, цивилизация менен глобализациянын арааны, анын шартында адабияттын миссиясы, чыгармачыл адамдын милдети, ушундай мезгилде чыгармачыл дүйнө эң ириде адамдын жан дүйнөсүн кантип аман сактап калыш керек деген маселе талкууланат.

Ошондой эле ал процесстерге экинчи альтернатива катары адабият, искусство чыгармачылык, анын ичинде өз чыгармачылыгында ушул маселелер менен алпурушуп жаткан Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын коюшубуз керек.



-Ал форум качан болот жана канча мамлекеттин өкүлдөрү чакырылат?

- Сентябрь айынын биринчи жарымында өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Менин оюмча, ага 20дан ашык мамлекеттерден меймандар келет. Ага Америкадан, Европадан, Азиядан бир топ залкар адамдар жана Айтматовдун чыгармачылыгын иликтеп жүргөн адамдар келет. Андан тышкары “Ысыккөл форумуна” катышкан улуу инсандарды да чакыралы деген ниетибиз бар.

Айтматовдун жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар Кыргызстанда гана эмес жалпы эле дүйнө өлкөлөрүндө даярдалып жатат. Мисалы, Түркияда Айтматовдун чыгармачылыгына арналган чоң жыйын өткөрүүгө даярдык көрүлүүдө. Ошондой эле Айтматовдун кичи мекени болгон Шекер айылындагы музей, маданият сарайын даярдоо маселесине дагы көңүл бурулуп жатат. Алардын баарын жыйынтыктаган чоң салтанат Бишкек шаарында, 12-декабрда өтөт.

- Айтматовдун 80 жылдыгына чейин эле анын чыгармачылыгын үйрөнүү жаатында бир топ иш-аракеттер, илимий изилдөөлөр болгон. Бирок, азыркы жаштар Айтматовдун чыгармаларын окубай тургандыгы анык болуп жатат. Мына ушундай жаштарга Айтматовду таануу, чыгармаларын таанытуу жаатында Билим жана илим министрлиги, жогорку окуу жайлар менен бирдикте кандай аракеттер көрүлөт?

- Аябай маанилүү суроо. Чындыгында эле биздин өлкөдө китеп окуу деңгээлин аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иликтөөдө миң адамдын ичинен 28 адам гана китеп окуй тургандыгы жана бир адам 26 тыйынга гана китеп сатып алууга каражат коротоору аныкталды. Демек, бул эл таптакыр эле китеп окубай калды деген фактыны билдирет.

Ошондуктан, Айтматовдун чыгармаларын окутуу бир топ көйгөйлүү жагдай. Бул орто билим берүү мектептеринде адабият сабактарынын өтө төмөн берилип жаткандыгы жана билим берүү системасында Айтматовдун чыгармаларын окутуу, аны үйрөнүү жана изилдөө маселесинин бошоңдугу.

Ошондуктан Маданият министрлиги жалпы өлкөнүн алкагында Улуттук окуу программасын сунуш кылып жатабыз. Бул жалгыз гана Айтматовдун чыгармачылыгы эмес жалпы эле замандаштарыбыздын окубай кеткендигинен улам сунушталып жаткан программа. Себеби азыркы кезде адабияттар аз окулуп, адамдын жан дүйнөсүнө азык бербеген детективдер, массалык маданияттын жеңил-желпи түрлөрү басып кетип жатпайбы. Мына ушул маселени иликтеп көргөндөн кийин мамлекеттик деңгээлде Улуттук окуу программасын кабыл алуу өтө маанилүү деген ойдобуз.


- Эми бул иш-чаралар белгилүү бир убакыттын ичинде шаан-шөкөт менен өтүп кетчү өнөктүк иш болуп калбайбы? Мунун натыйжасы кандай болот жана кандай ачылыш болот?

- Албетте, маараке десе эле бизде той берип, жылкы союп тамак ичүү деген калыптанып калган көз караш бар. Биз антпей, Айтматовдун чыгармачылыгы, мааракеси, Айтматовдун дүйнөсү аркылуу биз өзүбүздүн дүйнөбүздү байытышыбыз керек.

Азыркы кезде өкмөттүн негизги саясаты мааракелерди той-аштын мааракеси эмес ошол адамдын кыргыз элинин улуттук маданиятына жана жалпы эле элине тийгизген таасири, анын эмгегине арноо болууда. Ушундан улам Маданият министрлиги бардык театрларда Айтматовдун чыгармаларынын негизинде коюлган спектаклдерди коебуз деп жатабыз. Республикада жыйырмадан ашуун театр бар. Алардын баарында ушундай пьесалар коюлат жана Айтматовдун чыгармачылыгына арналган эл аралык театралдык фестиваль өткөрөлү деп жатабыз. Ага онго жакын мамлекеттердин театрлары келет. Анда Айтматов аркылуу жан дүйнөбүздү байытуу маселесин көтөрүп чыгабыз.



-Эми Айтматовдун чыгармачылык жана жеке инсандык маселелерине кайрылалы. Биздин маалыматыбыз боюнча, Айтматовдук эл аралык клубу аны эки жолу Нобель сыйлыгын алууга көрсөттү. Башка мамлекеттер да аракет кылган. Маселен, азыр Түркиянын коомчулугу Нобель сыйлыгына кайрадан көрсөтүүгө аракет жасап жатат. Ушундай аракеттер болсо дагы эмне себептен Нобель сыйлыгына татыбай жатат? Мурдагы совет доорунда орус жазуучуларынын ич тардыгы тоскоол болгон деп айтылчу эле же анын саясатка аралашканы таасир тийгизип жатабы? Башкы себеп эмне деген ойдосуз?

- Эми Нобель сыйлыгын ыйгаруунун өзүнчө бир татаал эрежеси бар. Алар, албетте, сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалардын баарын аябай тыкыр карашып, жашыруун добуш менен тандап алышат. Кеп аны албай калгандыгында эмес, биз үчүн Айтматовдун ошол сыйлыкка төрт жолу көрсөтүлүп жаткандыгы да чоң сыймык. Кудай буюрса, татыктуу чыгарма кайсы бир убакта өзүнүн баасын алат.

-Айтматов саясатка аралашып кеткени үчүн батыш коомчулугунун колдоосун таппай жатат деп жазгандар болбоду беле?

- Бул маселе боюнча ушундай ой-пикирлер бар, аны мен да укканым бар. Чыңгыз Төрөкулович кайра куруу мезгилинде Нобель сыйлыгына көрсөтүлүп албай калган, ага саясатка аралашканы себеп болгон деп аналитиктер айтып жүрүшөт. Ал канчалык деңгээлде туура же туура эмес экендигин мен айта албайм.

-Ал эми кыргыз жазуучуларынын арасында Айтматовдун чыгармачылыгына ич тардык кылган учурлар байкалганбы жана азыр барбы?

- Эми андайлар толтура. Бирок Айтматов деген чоң океан. Океандын суусун кичинекей чака менен канчалык ташып башка жакка төккөндөн эч нерсе өзгөрбөйт. Айтматов Нобель сыйлыгысыз деле дүйнөдө кадыр-баркы жана бизде эбегейсиз орду бар экендиги белгилүү. Бирок саясатка аралашып кеткен адамдарга Нобель сыйлыгы, көбүнэсе, адабият тармагындагы сыйлыктар берилбейт деген сөздөрдүн жүйөөсү бар болуш керек. Себеби адабият тармагы жана Нобель сыйлыгын ыйгаруу кичине саясатташып кеткен жагдайлары бар.

-Султан мырза, Айтматовго Нобель сыйлыгын алып берүү боюнча түрк коомчулугунун аракетинен майнап чыгат деген ишеним барбы?

- Албетте ишеним бар. Эң башкысы, Айтматов өзү татыктуу адам. Бул бир гана Түркия эмес, Европанын башка өлкөлөрүндө, Германия, Франция башка 164 мамлекетте чыккан чыгармачылыгы. Ошолордун көпчүлүгү эле ичинен ойлошот, “Айтматовго Нобель сыйлыгын берсе болот эле, татыктуу эле” деп. Ишеним артып, үмүт менен карайлы.



-Кыргызда “карысын сыйлайт” деген сөз бар эмеспи. Эми Айтматов 80 жашка чыгып калганына байланыштуу ал сөзсүз түрдө кыргыз коомчулугунда өзүнүн эң жогорку даражадагы ордуна ээ болуш керек. Бирок ага карабастан биздин байкашыбызча, өткөн жылы күздө Айтматов Бишкекте бир топ жүрдү. Бирок мамлекет башчы катары президенттин кабыл алуусунда болгон жок. Маданият министри катары сиз жолугуштурууга аракет жасап көрдүңүзбү, же эки тараптан тең андай каалоо болгон жокпу?

- Менин оюмча, Курманбек Салиевич дагы, Чыңгыз Төрөкулович дагы бири-бири менен жолугушуп, сүйлөшүп эле турушат. Эң башкысы, президенттин жарлыгы менен жазуучунун эмгегин жогору баалап, бир жылды улуу жазуучуга арнап жатканы бул өтө жогорку маселе, өтө жогорку баа катары эсептелет. Президенттин берген эң жогорку баасы. Мүмкүн ошол сыйлыктарынан дагы эң жогорку нерсе ушул болушу мүмкүн деп ойлойм. Андыктан “жолукпай калды, тигиндей-мындай маселе” деген туура эмес.

Албетте биздин президентибиз Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка сиңирген эмгегин, ошондой эле кыргыз элинин инсаны экендигин жогору баалайт. Ошондуктан өзүнүн жарлыгы менен бир жылды “Айтматовдун жылы” деп жарыялашы өтө жогорку баа. Президент башка маселелер боюнча деле жарыяласа болот эле. Бирок биздин эгемен тарыхыбызда биринчи жолу улуу чыгармачыл адамга байланышкан жыл болуп жатат.

-Ал киши 80ге чыгып калды. Ал эми болгон билимин, тажырыйбасын, акылын, даанышмандыгын кыргызга таштап кетиши керек. Башка чыгармалары болобу, акыл-насаат сөздөрү болобу... Ошон үчүн азыр кыргыз коомчулугу, кыргыз бийлиги ошондой жакшы ойлорун таштап кетиш үчүн кандай шартты түзүп бере алат? Кандай шартты түзүүгө аракет кылып жатат?

- Эми биринчи кезекте ошол шарт “Айтматовдун жылы” катары жарыяланышы дагы бир гана анын чыгармачылыгын тереңдей болгон сөз эмес. Айтматовго дагы мамлекет тарабынан шарт түзүү маселесин дагы карашыбыз керек. Мамлекет дагы биздин улуу инсандын эмгегине өзүн татыктуу баасын бериш керек. Татыктуу бааланып келе жатат.

Айтып өтпөдүңүзбү, ар бир улуттун көзгө басаар же туу тутаар инсаны болот. Улуттун намысы катары эсептелген инсандар болот. Мен айтаар элем, Чыңгыз Төрөкуловичти кыргыз элинин улуттук намысына арзый турган, Бакайдын улуу озуйпасын аткара турган инсан катары бааласа болот.

Себеби кайра куруу мезгилинде, кийинки мезгилдерде биринчи жолу Манас жөнүндө, тил жөнүндө ким көтөрүп чыкты эле? Айтматов көтөрүп чыккан да. Суверендүүлүктүн идеяларын дагы ким көтөрүп чыккан? Ошол Айтматов көтөрүп чыккан. Коммунисттик партиянын доорунда дагы биздин улуттук маселелерди Айтматов көтөрүп чыкпады беле. Ошондуктан бул кишинин бир гана жазуучулугу эмес, ошондой эле чыныгы кыргыз элинин патриоттулугу жөнүндө дагы, кыргыз элинин көйгөйүнө күйгөн адам катары дагы баалашыбыз керек. Азыркы кезде чындыгында биз Айтматовго окшогон улуттун абийири болгон адамдардын акыл-насаатына дайыма муктажбыз, муктаж болуп келгенбиз.



-Түрк мамлекеттеринин маданият кызматкерлеринин башын кошкон “Turksoy” деген уюм бар эмеспи. Ошол уюмду жетектеп жүргөн Булат Булбулоглы ал кызматтан кеткнеден кийин ошол жетекчилик орунга Айтматовду алып баруу аракеттери көрүлгөн эле. Бирок азыркыга чейин анын жыйынтыгы чыга элек. Буга башкы себеп эмне болуп жатат?

- Бул маселе чындыгында көтөрүлгөн болчу. Анкарада “Turksoy” уюмуна кирген бүт түрк дүйнөсүнүн маданият министрлери чогулуп сүйлөшкөнбүз. Ошонун ичинде мен Чыңгыз Төрөкуловичтин талапкерлигин “Turksoy” уюмунун генералдык директоруна көрсөткөн болчумун. Жалпы бардык эле министрлер Айтматовдун талапкерлигин колдогон. Бирок азырынча жыйыныбыз боло элек. Ушул жыйыныбызда расмий түрдө шайлоо өткөрүп, ошонун жыйынтыгы менен башкы директор шайланат.

“Turksoy” - бул түрк дүйнөсүнүн ЮНЕСКОсу деп коет. Ошондуктан Айтматовго окшогон чоң инсандар башкы директор катары “Turksoy” уюмун башкарса, бул түрк дүйнөсүнүн маданий интеграциясына дагы, түрк дүйнөсүнүн мындан ары өсүшүнө дагы чоң салым кошот эле.

-Азыр биздин алган маалымат боюнча Айтматов жөнүндө Азербайжанда бир тасма тартылат экен. Ал эми башка мамлекеттерде, түрк тилдүү эмес батыш өлкөлөрүндө дагы Айтматовду таанытуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлөбү? Жүргүзүлсө, ал кимдер тарабынан колдонуп жатат?

- Чындыгында ушул Азербайжанда кинорежиссер азыркы күндө Айтматов тууралуу чоң даректүү тасманы жараткан турат. Түркияда дагы бул аракет болуп жатат. Ошондой эле биз Кыргызстанда дагы Айтматовдун чыгармачылыгына байланышкан даректүү тасманы тартуу маселесин караштырып жатабыз.

Ал эми Айтматовдун дүйнөдөгү чыгармачылыгын таркатуу боюнча Айтматов атындагы эл аралык фонду бар. Анын башкы кеңсеси Москва, Токио жана Сан-Францискодо. Бул чоң уюм. Ал уюмдун Айтматов атындагы өзгөчө алтын медалы бар. Бул сыйлыктарды билесиңер, биздин улуу залкар адамдар алышкан.

Менин оюмча, Айтматовдун чыгармачылыгын Америка университеттеринде дагы окушат, жалпы эле КМШ өлкөлөрүндө окушат. Айтматовго болгон кызыгуу өтө күчтүү деп ойлом. Мына мисалы үчүн мен деле бир жолу Германияга самолет менен учуп баратсам, немис жигити китеп окуп бараткан экен. Мукабасын карасам, Чыңгыз Айтматов экен. Мен үчүн өтө бир кубанычтуу жагдай болду.



-Фестиваль болот, форум болот деп жатасыз. Жалпы коомчулукка серпилген сезимди алып келет деген ишеним барбы?

- Албетте ошондой сезимди алып келет деген ишенич бар. Себеби Айтматовдун чыгармачылыгы биздин кыргыз кино, сүрөт, музыка искусствосуна чоң таасир берди. “Саманчынын жолу” балетин Калый Молдобасанов, “Маңкуртту” коюшту балетте, музыкада чыгармалар жазылды. Сүрөттөрдө Айтматовдун чыгармачылыгы - жалпы биздин улуттук маданиятка берген башат катары эсептелет. Ошондон таасир алган, ошондой кыргыз улуттук маданияттын эпицентри катары эсептелет. Кинодо дагы “кыргыз керемети” ошол Айтматовдун чыгармачылыгы менен байланышкан. Ошондой эле Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев дагы Айтматовдун чыгармачылыгы менен дүйнөгө таанылышкан.

-Ал эми драматург катары, өзүңүздүн чыгармачылыгыңызда Айтматов кандай орунду ээлейт?

- Албетте менин чыгармачылыгым Айтматовдун чыгармачылыгы менен байланышкан. Мен Айтматовдун “Маңкурт” темасын алып, “Таямам” деген пьеса жазгам, спектакль коюлган. “Таямам” деген араб сөзүнөн алынган, кум менен сөөктү адалдоо жолу. Арабдарда адам чөлдө өлүп калса, суу жокто кум менен адалдап туруп, жууп, жерге коет экен. Ошондуктан биз “Маңкурт” идеясын алып, Айтматовдун идеясын ишке ашырып, өзгөчө бир чыгарма жазганбыз. Ал Германияда, Европада аябай чоң резонанс жаратты. Биз 98-жылы аны Германияда эл аралык фестивалда көрсөткөнбүз. Европалык театрлардын жогорку баасына арзыган. Муну дагы Айтматовдун чыгармачылыгынын бизге берген таасири катары эсептесе болот.

-Султан мырза, маегиңизге чоң ырахмат. Ишиңизде ийгилик болсун.
XS
SM
MD
LG