Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

ПАКИСТАН: ПЕРВЕЗ МУШАРРАФТЫН ПАРТИЯСЫ ЖЕҢИЛДИ


Первез Мушаррафтын бийликтеги партиясы парламенттик шайлоодо утулганын моюнга алды. Улуттук Ассамблеядагы көпчүлүккө бир да партия ээ боло алган жок. Бирок маркум Беназир Бхуттонун жана дагы бир экс-премьер Наваз Шарифтин партияларына парламенттеги орундардын жарымынан көбү тийчүдөй.

Бхутто менен Шарифтин партиялары биригип өкмөт түзсө, Мушаррафтын бийлигине күчтүү оппозиция пайда болмокчу.

Мушаррафтын ири колдоочусу Мусулман Лигасынын төрагасы Чодри Хуссаин утулганын моюнга алып, партия добуш берүүнүн жыйынтыктарын кабыл алаарын жана жаңы парламентте оппозицияда болоорун билдирди.

Алдын ала санактар көргөзгөндөй жыл этегинде киши колдуу болуп өлгөн мурдагы премьер-министр Беназир Бхуттонун Элдик партиясы алдыда баратат. Дагы бир экс-өкмөт башчы Наваз Шарифтын партиясы экинчи орунду ээлеши мүмкүн. Ал эми бийликтеги партия артта калды.

Алгачкы маалыматтарга караганда, исламчыл альянс дагы бул жолу мандаттарынын көбүнөн кол жууп калды. Мурдагы парламентте партия 50 орунду ээлеп келсе, бул жолу ассамблеяга алардын 3 депутаты гана кирип калчудай.

Бхуттонун колдоочулары “Жашасын Бхутто!” деп, шайлоонун жыйынтыктарын кубаттап, майрамдашты.

Бир катар байкоочулар бул шайлоону демократияга карай кадам катары карашууда. Пакистанда 8 жылдан бери аскерий башкаруу өкүм сүрүп келген. Президент Мушаррафтын популярдуулугу былтыр ноябрда чукул кырдаал киргизип, оппоненттерин, эркин прессаны куугунтукка алгандан кийин өзгөчө төмөндөп кеткен.

Элдин көпчүлүгү добуш берүүнүн жыйынтыктары бийлик тарабынан бурмаланат деп күмөн санап келишкен эле. Мушарраф кайсы партия жеңбесин, жаңы өкмөт менен кызматташууга даярдыгын билдирүүдө.

Кээ бир эксперттер Мушарраф эми терроризмге каршы күрөш эмес, саясий келечеги менен көбүрөөк алектенет деп ырасташат.

1999-жылы Мушарраф уюштурган төңкөрүштүн натыйжасында бийликтен кулатылган Шариф президентти кызматынан кетүүгө үндөдү.
Буга мамлекет башчынын басма сөз катчысы бул – президенттик шайлоо болгон жок, Мушарраф 5 жылдык мөөнөтүнүн аягына чейин турууга ниеттенүүдө деп жооп берди.

Пакистандык аналитик жана армиянын отставкадагы генералы Талат Масуд добуш берүүнү байистүү күчтөр жеңди, эми жаңы өкмөттүн террористтерге каршы урушу натыйжалуураак болот деген ишенимде:

Биринчиден, өкмөт элдин колдоосуна жана мандантына ээ болмокчу. Козголоңчуларга каршы күрөшүү үчүн катардагы адамдардын ыкласы, ниети талап кылынат. Өкмөт калктын ишенимине ээ болгон кезде согушкерлерге өз элине каршы согушуу кыйын болуп калмакчы. Демек, согушкерлер обочодо калат деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG