Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

ТҮРКИЯ КОСОВОНУН ЭГЕМЕНДИГИН БИРИНЧИЛЕРДЕН БОЛУП ТААНЫДЫ


Жекшемби күнү эгемендүүлүгүн жарыялаган Косовону тааныган алгачкы өлкөлөрдүн катарына кошулган Түркия кечээ Арменияда президенттик шайлоого дагы кунт коюу менен байкоо салды.

Башынан бери эч кандай жашырбай, Косовонун эгемендүүлүгүн ашкере колдоп келген Түркия өз ичиндеги жикчил тенденцияларды жана Армения менен мамилелерине тоскоолдук кылып келе жаткан Тоолуу Карабак маселесине боло билүүчү таасирин таназарга албай эле Косовонун мамлекеттүүлүгүн ырасмий түрдө тааныды.

Чакан болгону менен чоң дөөлөттөрдүн, өзгөчө Орусия менен АКШнын күч таймашынын ордосуна айланып калган Косоводогу бул тарыхый окуя менен бир катарда, кечээ Арменияда президенттик орунга өткөрүлгөн шайлоолорду, өткөндө бул эки аймакка да эгедерлик кылган Осмондуунун мураскери Түркия терең кызыгуу менен байкап турду.

Дүйшөмбү күнү айткан сөзүндө, “Балкандарда тынчтык жана туруктуулукту кепилдикке алыш Түркиянын тышкы саясатынын баштапкы көрсөтмөлөрүнүн бири” экенин билдирген Түркиянын тышкы иштер министри Али Бабажан кечээ ырасмий сапар менен Москвага жөнөп кетер алдын басма сөз кабарчыларына маек куруп берип:

“Түркия Косовонун эгемендүүлүгүн ырасмий түрдө тааныган алгачкы өлкө деген кабарлар туура эмес. Бирок Анкара Косовону тааныган алгачкы өлкөлөрдүн тобуна кирет”, - деди.

Бабажан ошондой эле, Сербиянын Анкарадагы элчисин кайра чакырып алганы тууралуу суроого жооп кайтарып, бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине эч кандай маалымат келип түшпөгөнүн айтты.

Сербиянын Балкандардын келечеги менен байланыштуу зор ролу жана чоң жоопкерчилиги бар экенин баса көрсөтүп министр “биз Сербия менен мамилелерибиздин жана кызматташтыгыбыздын мындан ары гүлдөп өсүшүнө өзгөчө маани беребиз” деди.

Ушул арада премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган болсо, Косовонун премьер-министри Хашим Тачини телефон аркылуу куттуктады жана Түркия ар дайым Балкандардагы тынчтыка өз салымын кошуп келгенин белгилеп, бул келечекте да ошондой болоорун ишендирди.

Ислам Конференциясы уюмунун кезектеги башкатчысы, профессор Экмеледдин Ихсаноглу Косовонун эгемендүүлүгүнө тилектештик билдирип, “көз карандысыз Косово мусулман ааламына ири салымын кошоорунда күмөн жок” деди.

Саясий серепчилердин пикиринде, Косовонун эгемендүүлүгүн жарыялоосу Түркияда терең шаттануу сезимдери менен кабыл алынган менен бир катарда, кечээ Арменияда президенттик орунга болгон шайлоодо өкмөт башчысы Серж Саркисяндын жеңип баратканы тууралуу келип түшкөн алдын-ала кабарлар Анкарада түңүлүү сезимдерин пайда кылбай койгон жок.

Анкара ашкере сырын бербесе дагы, Тоолуу Карабак жана жалпысынан түрк-армян мамилелеринде салыштырмалуу прагматикалык саясатты көздөгөн алгачкы президент Левон-Тер-Петросяндын шайланып, эки-ара диалогдун жолу кайра ачылып каларына үмүт арткан эле.

Косоводогу мүдөөсү ордунан чыккан Түркия, Армения менен мамилелерди жөнгө салуу маселесинде дагы бир топко күтүп турууга туура келет шекилдүү. Косовонун эгемендүүлүгүнүн тушунда, шайлоолордо “карабак” кланынын мүчөсү Саркисяндын жеңип чыгышы Тоолуу Карабакта жикчил тенденцияларды ого бетер алоолондуруп жибереринде күмөн жок, дешет адистер.

XS
SM
MD
LG