Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:45

Орус армиясында ушу тапта төрт миллиондон ашуун киши кызмат кылат. Президент Путин алардын жашоо шартын, жалпы жагдайды жакшыртууну аскери жетекчиликтен такай талап кылып келди. Кызмат өтөгөндөрдүн маянасы көбөйтүлдү, үстөк төлөмдөр белгиленди. Буга карабастан армияда кызмат кылуудан качкандар жана каалабагандар жаштар арасында жыл сайын арбып баратат.

Аскерде кызмат кылууну эмнеге каалабай турганын москвалык Олег Наночкин деген мындайча түшүндүрдү: “Армияга көп досторум кетти эле, бир тобу адам тейин жоготуп келишти, кээ бирлери майып болуп келишти, айрымдары дегеле кайтпай калышты. Мен да алардын ыкыбалына туш болгум келбейт, эгер мени алып кетишсе, анда мен үчүн жашоонун бүткөнү ошол”,- дейт Наночкин.

Олегдин апасы Светлана Наночкина да уулун армияга жибергиси келбейт. Уулу он сегизге толгондо аскер комиссариатынан чакыруу келет, медкомиссиядан өтпөй калып, ооруканага жөнөтүшөт. Ал жерде ага армияга таптакыр жарабайт деп корутунду чыгарып беришсе, аны военкомат оңдоп жазып, башка аскер бөлүгүнө барасың деп айтыптыр. “Ошондон бери ар кайсы мекеменин эшигин тытып, уулумду алып калганы аракеттенип жатам”, - дейт Наночкина.

Былтыр Плесецк космодромунда кызмат кылып жүрүп, эки офицерден катуу токмок жеген Сергей Синконен жакында каза болду. Роман Рудаков аттуу дагы бир солдат 2006-жылы бир нече жоокердин тепкисинде калып, сүзөктөгөн оорусунан айыга албай, быйыл февралда көз жумду. Ал эми өлөрчө токмок жеген Андрей Сычев бутунан ажырап, мунжу болду. Булар коомчулукка кеңири белгилүү болгон гана окуялар, жең ичинде калган фактылар ого эле көп дешет байкоочулар.

Иши кылып, “орус армиясында кызмат кылуу жакшы идея болбой калды, - дейт аскери белгилүү эксперттердин бири Павел Фелгенгауер. - Армияга алынгандар өздөрүн түрмөгө кесилгендей эле көрүшөт, анткени алты саны аман кетип, ал жактан майып же жаракат алып кайткандар абдан көбөйүп кетти”.

Коргоо министринин өкүлү Вячеслав Седов армиядагы абалды оңдоо үчүн көптөгөн чаралар көрүлүп жатканына ишендирди. “Былтыр министрликте коомдук кеңеш түзүлдү, ата-энелер комитети иштей баштады. Алар балдары кандай кызмат өтөп жатканын келип, көрө алышат. Кааласа аскер бөлүктөрүндөгү ачык тартипте иштеген телефондорго чалып, алардан кабар алса болот”,- дейт Седов.

Ал эми солдат энелери комитетинин жетекчиси Валентина Мелникова алар үчүн бардык эле аскер бөлүктөрү өз каалгасын ачып койо электигин белгиледи. Комитет президент жана министрликтер менен иштешкенге аракет кылып жатат,эгер алардын назарын бура турган кандайдыр бир сунуштар айтылса,албетте,эске алышат. Бирок жалпы аскери кызмат тармагын реформалоо маселесинде баштагыдай эле коомдук пикирге анчейин маани берилбейт. “Жаңы президент болот деп жаткан Медведев деле аскери курулуш иштери боюнча өзүнүн позициясын ачык билдире элек”, - дейт Мелникова.

“Россияга армия керек,- деп улантат бул сөздүн учугун Светлана Наночкина. – Армия өлкөбүздү, өзүбүздү,бала-бакырабызды коргоо үчүн керек. Бирок аскерге алат десе эле нан алганы дүкөнгө чыккан өспүрүмдү деле делдекте жетелеп кетип жатышпайбы. Баласы кайда кеткенин билбей, кайсалап калган ата-энелер бир күнү эле анын Владивостокто кызмат кылып жатканын угуп калып жүрүшпөйбү. Армия деген, менимче, мындай болбош керек”,- дейт Наночкина.
XS
SM
MD
LG