Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

АРАВАН РАЙОНУНУН АЙРЫМ АЙМАКТАРЫ ЭНЕРГЕТИКАЛЫК БЛОКАДАГА КАБЫЛДЫ


Араван районуна караштуу Нурабад, Төпөкоргон айыл өкмөттөрүнүн 28 миң калкы энергетикалык блокадага кабылганына эки ай чукулдады. Себеби, ток бөлүштүргүч бекет Анжиян облусунда жайгашкандыктан, коңшулар жарыкты каалаганда өчүрүп-жандырып турушат. Жергиликтүү тургундар көйгөйгө чекит койбой келаткандыгы үчүн кыргыз бийлигин сынга алышса, мамлекеттик органдар жаңы линия тартуу көп каражатты талап кыларын, аны бюджетке кийирип же инвестор таап гана чечүүгө болоорун айтышууда.

Төпөкоргондук Дильфуза Исмаилова эки айдан бери кыш өкүмүн катуу жүргүзүп жаткандыгын, электр энергияcына жарыбагандыктан, минтип тезекке күнү түшкөндүгүн, ал эми отун-көмүр эбак чоң көйгөйгө айлангандыгын билдирди. Суукта айрыкча балдар үшүп, а түгүл ооруп жатышкандыгын да кошумчалады:

- Отун жок. Көмүр жок. Дагы жакшы жайда тезек камдап коюптурбуз. Бирок, ал да күйбөй түтөп таза жүдөттү. Анын үстүнө таптакыр табы жок. Чоңдор го чыдап жатабыз. Суукта бала-чакага кыйын эле болду. Алды ооруп, мектепке баралбай калышты .

Нурабаддык мугалим Нархан Алыкулова Өзбекстан энергия булагын тынымсыз өчүргөндүктөн мектептердеги жылыткыч жабдуулар бат-бат керектен чыгып жаткандыгын, минте беришсе, эртең деле элеттин энергетикалык коопсуздугуна коркунуч туулаарын, ошондуктан кыргыз бийлиги коңшуларга жалдырабай Араванга өзүнчө ток бөлүштүргүч бекет куруусу зарылдыгын кулак кагыш кылды:

- Азыркы учурда электр жарыгынын начардыгынан биздин мектепте ысыткыч, жылыткыч батареялар үзүлүп жараксыз болуп жатат. Күнү-түнү электр жарыгы тынымсыз өчүп атат. Энергия маселесин тартипке келтириш керек .

Араван районун акими Шамил Артыков Маңгытка өзүнчө кошумча бекет куруу үчүн чоң каражат керектигин айтып, аны республикалык бюджет аркылуу гана чечүүгө болоорун белгиледи:

- Биздин Араван районуна Маңгат подстанциясынан алып барсак Төпөкоргон айыл өкмөтүнө 15 км. кетет. Бул чоң суммага бүгүнкү күнү райондун күчү жетпейт. Республикалык бюджетке киргизип бул маселени чечиш керек .

Ош облустук жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын директору Абдыкалык Молдоисаев Араван акими Артыков менен макул эместигин туйдуруп, коңшуларда суунун аздыгынан, электр энергиясынын кубаттуулугунун таңкыстыгынан улам быйылкыдай кырдаал түзүлгөндүгүн эске салды.

Аравандыктарды кризистен куткаруу максатында «Кыргыз Улуттук Электр станциялары» акционердик коомунда үч варинттуу долбоор даярдалып жаткандыгын, анын эң ыңгайлуусуна инвестор табылса гана көйгөйдөн арылууга болоорун бышыктады:

- Быйылкы жылда коңшулаш республикаларда суунун аздыгынан электр энегиясынын кубатуулугунун дефицит болгонунан пайда болуп атат. Муну атайын бөлүп өчүрбөй койду деген мүмкүнчүлүгү жок. Ушундай болбошу үчүн бүгүнкү күндө биз республикадагы биздин Аунеско менен сүйлөшүп керектүү материалдарды 3 вариантта даярдап атабыз. Кайсы варианты бизге эң ыңгайлуу болсо, ошол вариант менен долбоорду даярдайбыз. Анан инвестор тапсак бул маселе чечилет, - дейт маектешибиз Абдыкалык Молдоисаев.

XS
SM
MD
LG