Отурумда уюштуруу маселеси каралып парламенттин төрагасын жана анын орун басарларын шайлоо күтүлүүдө. Ошондой эле “Энергетика – Кыргызстандын тагдыры” деген темадагы талкуу болот. Бул тууралуу “Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Темир Сариев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү саясий партиялардын, коомдук уюмдардын элүүгө чукул өкүлдөрү катышат.(AJ)