Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

Амирбек Усманов, Прага Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун өлкөнү базар экономикасына өткөрүүдөгү алгачкы кадамына бийликке моюн толгобой үйрөнгөн түркмөндөр ачык нааразы чыгышты. Бензиндин баасын көтөрүүгө жана нормадан ашыкча бензинди кымбат баада сатууга кыжырданган адамдар Мары дубанында бир нече май куйуучу жайды өрттөп жиберишкен. Бердымухаммедов эми өкмөт базар баасынан арзан саттырып жаткан башка да товарларды кымбаттатканга даайбы?

8-февралга чейин түркмөндөр бир литр бензинди кыргыз сому менен эсептегенде 2 сом 20 тыйындан алышчу. Жаңы эреже боюнча жеңил машинелүү адам машинесинин санына карабай айына 120 литр бензинди эски баада алат.

Автобустун айдоочусу үчүн норма - 200 литр, мотоцикл ээси үчүн - 40 литр. Нормадан ашык бир литр бензин 0,6 доллар же мурдакыдан сегиз эсеге жакын кымбат турат.

Гурбангулы Бердымухаммедов бир жыл мурда бийликке келгенден бери Түркмөнбашы Ниязов тушунда жабылган опера театрын, циркти кайра ачып, он жылдык билим берүүнү, пенсияларды калыбына келтирип, Батыш менен мамилени оңдоп, эл оозуна алынып калган эле. Бирок, айлык маянасы орточо 50 доллардан ашпаган көпчүлүк түркмөндөргө бензинди кымбаттатуу жаккан жок.

Мары дубанында жашаган бул аял “Азаттыкка” албууттанган адамдар эки май куйчу жайды өрттөп жибергенин айтат:

-Мары регионунда эки май куйчу бекет өрттөлдү. Баа көтөрүлөр алдында бензин бекеттеринде котологон эл майды арзан сатып алуу үчүн күнү- түнү кезекте турушту.

Бензиндин кымбаттоосу Мары дубанында жол кирээни 5 миң манаттан 10 миң манатка чейин же манаттын ырасмий алмашуу курсу боюнча 1 доллардан 2 долларга жогорулатты. Удаа эле азык-түлүктүн наркы да өйдөлөдү деп улантат марылык аял:

- Бензиндин баасы өскөндөн кийин башка товарлардын да наркы көтөрүлдү. Базарда баары кымбат азыр. 10 даана жумуртка 1700 манат, бир килограмм тоок эти 37 миң манат турат. Элдин үрөйү учууда. Бензин бекеттеринде кезек күткөн эл.

Өкмөттүн бензинди эркин квота менен сатуу чечими да кезек күткөн адамдардын аягын суюлтпады. Балкан дубанынын тургуну Гурбандурды Дурдыкулиев өкмөттүн кадамы элдин түйшүгүн дагы көбөйттү дейт:

- Бир адам эки машинеси болсо да бир гана купон алат. Купонду “Дыйкан” банкы гана берет. Ал жерде да узун кезек күткөн адамдар. Автомобиль ээси техникалык текшерүүнү жол полициясынан өтүп катталууга тийиш. Ансыз бензинди эркин сатпайт. Бул элге кошумча баш ооруу болду. Эл нараазы. Элдин жашоосу начарлап кеткенинен күмөнүм жок.

Дурдыкулиев жаңы жөрөлгө банк кызматкерлери менен жол полициясындагы жемсөөлүктү дагы күчөтөт деп ойлойт.

Ал эми Швецияда чыгуучу “Борбор Азия жана Кавказ” журналынын башкы редактору Мурад Эсеновдун пикиринче, Бердымухаммедов бензиндин наркын көтөрүп, туура кадам жасаган:

- Мурдакы түркмөн жетекчилиги элге жагуу үчүн бааны экономикалык жагдайды эсепке албастан эле быча берген. Өкмөт унга, бензинге, электр энергиясына бааны базардагыдан ылдый койгон. Андыктан, энергия же айыл чарба тармагы өз продукциясын сатып, киреше алган эмес. Ошон үчүн азыркы бааны жогорулатуу экономикалык жактан алганда туура чечим болду.

Эсенов өкмөт эми элдин жарды катмарын коргоо үчүн социалдык камсыздандырууну жакшыртуусу зарыл деп эсептейт.
XS
SM
MD
LG