Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун кечээ президенттин кабыл алуусунда болгон учурунда билдирди. Турсунбек Акун акыйкатчы кызматы кыргызстандыктардын укугунун сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык аракетин жумшай тургандыгын убада кылды. Ал эми президент Курманбек Бакиев Акыйкатчы институту бардык мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иштеп, адам укуктарын камсыз кылуу тармагында биргеликте аракеттенүүсү керектигин белгиледи, деп кабарлайт президенттик маалымат кызматы. (ZKo)