Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

11:23 Майлысууда окуучулардын уулануусу боюнча кылмыш иши козголду


Уулануу болгон Майлысуу шаарындагы №5-мектептин директору жана шаардык билим берүү башкармалынын жетекчиси кызматынан бошотулду. Жалалабат облустук администрациянын маалымат катчысы Орозаалы Карасартовдун айтымында, бул окуяны губернатордун орун басары К. Талиева баштаган атайы комиссия иликтөөдө. Башка мектептерде да балдарга берилген тамак-аш күчөтүлгөн текшерүүлөрдөн өтүүдө. Кечээ Майлысуу шаарындагы №5-мектепте түшкү тамакка берилген колбаса менен макарондон 264 окуучу уланып, текшерүүдөн өткөн соң 80 бала ооруканага жеткирилген. Алардын жетимиши ооруканадан чыгарылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы уулануу эмне себептен болгону эки-үч күндөн соң маалым болот деп билдирди. (JTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG