Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:46

11:34 Коргоо министрлиги мекенди коргоочулар күнүнө карата майрамдык салтанат уюштурууда


22-февралда улуттук филармонияда коргоо министрлигинин аскердик-көрсөтмө оркестри жана армиянын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалган майрамдык концерт жана салтанаттуу чогулуш өтөт. Коргоо министрлигинин пресс кызматынын кабарлашынча, ага Улуу Ата Мекендин жана куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, күч мекемелеринин өкүлдөрү жана жетекчилери менен премьер-министр И.Чудинов чакырылды. Ал эми 23-февралда “Аскердик каармандык” монументи алдында салтанаттуу митинг, кечкисин, борбордук “Алатоо” аянтында, чоң майрамдык концерт өтмөкчү. Ушул күндөрү өлкөнүн бардык мектептеринде эрдик сабагы өтүп, окуучулар үчүн аскер бөлүктөрүнө экскурсия уюштурулмакчы. (JTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG