Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:29

11:45 Адам сатууга журналисттик иликтөө жүргүзүү боюнча тегерек үстөл өтүп жатат


Тегерек үстөлгө Миграция боюнча эл аралык уюмдун өкүлдөрү, журналисттер, миграция боюнча мамлекеттик комитеттин жана күч органдарынын кызматкерлери катышууда. Катышуучулар бийлик тарабынан адам сатуучуларга жумшак мамиле болуп жаткандыгын белгилешти. 2005-жылы 5000 киши адам сатуучулардын курмандыгы болгон. Алардын ичинен 104 киши миграция уюмунун жардамы менен кайра мекенине кайтып келген. Тартип коргоо органы тарабынан мунун ичинен төрт факты боюнча гана кылмыш иши козголгон. Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстанда жыл сайын 5000 ге чукул киши эмгек жана сексуалдык эксплуатациялоого сатылат. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG