Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

13:26 Кыргыз диаспорасы мигранттарга кол салуу фактылары боюнча Бакиевдин Путинге кайрылуусун өтүнөт


Кыргыздар президент Курманбек Бакиев жакында Москвага болчу сапарында Владимир Путиндин өзүнө кайрылат деген үмүттө. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргыз биримдиги” мекендештер диаспорасынын жетекчиси Абдыганы Шакиров билдирди. “Бул маселе ушундай бийик деңгээлде чечилбесе, кыргыздарды өлтүрүү окуялары улана берет. Бир кырсык бүтсө, экинчиси уланып, азыр бассак-турсак да ушул маселе кантип, качан чечилет деп ойлонуп калдык”, - дейт Абдыганы Шакиров. Москвада эмгектенген кыргыз диаспора өкүлдөрү Россиядагы кыргыз элчисинен президент К.Бакиев менен жолугушууну уюштуруп берүүнү да суранууда. “Биздин мындан башка да көйгөйлөрүбүз көп, президентке түз кайрылбасак, алар чечилчүдөй эмес”, - деген пикирин ортого салды А. Шакиров. “Кыргыз биримдиги” мекендештер диаспорасынын 23 миң мүчөсү бар. Бейрасмий маалыматтар боюнча, Москва шаарында эле 100-130 миң кыргыз жарааны эмгектенет. К. Бакиев 22-февралда өтчү КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин формалдуу эмес жолугушуусуна чакырылган. Бирок ал Москвага качан сапар тартаары азырынча белгисиз деп билдирет президенттин пресс кызматы. (JTo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG