Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

14:45 Мектеп окуучуларынын тамак-ашына көзөмөлдү күчөтүү тууралуу буйрук кабыл алынды


Ага ылайык райондук жана шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчылары мектептеги тамактануучу жайлардын тазалыгынан тартып, окуучуларга берилүүчү тамак-аштын сапатына катуу көзөмөл кылууга тийиш. Бул ишке санитардык эпидемиологиялык департаменттин кызматкерлери да тартылат. Мындан тышкары жергиликтүү билим берүү башчылары менен мектеп жетекчилери окуучулар тамактанган ашканалардын санитардык-гигеналык абалына толугу менен жоопкерчиликтүү болушат. Мындай мазмундагы буйрукка илим жана билим берүү министри Ишенгүл Болжурова бүгүн кол койгондугун министрликтин маалымат кызматы билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG