Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:20

МАЙЛЫСУУДАГЫ УУЛАНУУ БОЮНЧА КИМ ЖООП БЕРЕТ?


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Майлысууда кечээ 3-4-класстын 70ке чукул окуучулары мектептин тамагынан ууланып ооруканага жаткырылды. Бул массалык ууланууга кандайча жол берилди? Бул үчүн ким жооп берет? “Азаттык” үналгысынын ушул жана башка суроолоруна Майлысуу шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров жооп берди.

-Эмил мырза, кечээ Майлысуу шаарынын №5 мектебинин 70ке жакын окуучусу уулануу менен шаардык ооруканага кайрылган экен. Алар кайсы азыктан ууланганы так аныкталдыбы? Алардын ахыбалы кандай?

- Кечээ жалпы тамактанууга 264 бала кирген. Бул окуя боюнча экстренный штаб түзүлүп, кечээ 168 баланы үйлөрүнөн алып келип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлдү. Кечинде 168 баланын ичинен 68 баланы алып калганбыз. 68 баланы кайрадан текшерүүдөн өткөрүп, 10 бала калып, калгандары үйүнө жөнөтүлүп жатат. Алдын-ала тактоо боюнча тамактан токсикологиялык инфекция болгон. Азыр бул боюнча лабораториялык иликтөө жүрүп жатат. Ошондой эле прокуратура жана РОВД тарабынан атайын жумушчу топ түзүлдү.

-Ушул мектеп ашканасынан окуучулардын ууланышы боюнча жоопкерчиликти ким тартышы керек? Мектептин кызматкерлериби же шаардык санитардык кызматтарбы?

- Бул боюнча толук иликтенүүдөн кийин сөзсүз жоопкерчилик каралат. Азыр болсо, мектептин директору жана шаардык билим бөлүмүнүн жетекчилиги жумушунан четтетилди.

-Ушул жагдайдан улам башка мектептердин ашканалары текшерүүгө алынабы?

- Сөзсүз. Азыр атайын медициналык топ башка мектептердин ашканасын дагы карап жатат. Бул боюнча иштер бүгүн-эртең толук аягына чыгарылат.

-Жалпысынан шаарда коомдук жайларда учурда санитардык абал кандай болуп жатат?

- Жалпы санитардык абал шаар боюнча жакшы. №5 мектепте негизинен тамак берүүдө колбасадан уулануу болду деген алдын-ала тыянак болуп жатат. Бирок лабораториялык иликтөөдөн кийин мунун себебин толук аныктайбыз.

-Сиз санитардык абал дурус деп айтып жатасыз. Бирок ушундай ууланууга кандайча жол берилип калды?

- Бул маселени толук тактап, сиздерге жообун беребиз.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG