Мындай пикирин адилет министри бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Коомдук парламенттин түзүлүшү Башмыйзамга каршы келет. “Эл тарабынан шайланган расмий орган – Жогорку Кеңешке альтернативдүү парламент түзүү – элдин добушун сыйлабагандык”, дейт Марат Кайыпов. Адилет министринин маалыматы боюнча мыйзам талап кылса да Коомдук парламент Адилет министрлигинен каттоодон өткөн эмес.(ZKo)