Бул тууралуу «Сергий Радонежский жана Айкөл Манас» фондусунун башчысы Игорь Трофимов билдирди. Ал Кыргызстанда АКШнын аскерий базасын жайгаштыруу боюнча 2001-жылкы өкмөттөр аралык келишим жокко чыгарылсын жана бул милдеттенме Кыргыз өкмөтүнө жүктөлсүн деген эки сунуш менен кайрылууда. Трофимовдун ушундай эле мазмундагы арыздарын Бишкектин райондор аралык соту 25-декбарда карап, бирок аларды канааттандырган эмес. Трофимов АКШнын аскерий базасы Кыргызстандын экологиясына терс таасирин тийгизип, адамдардын өмүрүнө коркунуч туудурууда деп эсептейт. (JTo)