Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

Адистер 2012-жылы Кыргызстан да дүйнө коомчулугу менен биргеликте санариптик теле берүүгө өтсө, биздин жарандар да дүйнөдөгү бардык телеканалдарды оңой-олтоң көрүп, теле аркылуу каалаган буюмдарын сатып алып, жакшы көргөн сериалын өздөрү каалаган убактысында көрө алышарын айтышууда. Анткен менен заманбап технология күн санап өнүгүп-өсүп аткан чакта чама-чаркы чакталуу Кыргызстандын өз убактысында толук санариптик системага өтө алары күмөн дешет. “Санариптик теле берүүнүн Кыргызстандагы келечеги” аттуу тегерек үстөлдө медиа эксперттер бул маселенин күңгөй-тескейин талкууга алышты.

Медиа тармагында адистешкен адамдар Кыргызстан өз убагында санариптик берүүгө өтө алабы деген маселенин айланасында баш оорутушууда. Анткени, эл аралык милдеттенмелер боюнча Кыргызстан дагы дүйнө коомчулугу менен бирге 2012-жылы санариптик берүүгө өтүүгө сөз берип, биздин Байланыш боюнча улуттук агенттиктин адиси келишимге кол койгон.

Бирок бир топ адистер Кыргызстан өз убагында санариптик берүүгө өтө албай турганын, өтсө эл аралык коомчулуктун басымынан кийин гана өтөрүн айтып жатышат. Себеби, санариптик берүүгө дүйнө коомчулугу чогуу өтүшү керек, бул ушундай татаал система дешет. Маселен, көз карандысыз адис Александр Кулинскийдин пикиринде, буга өтүүдө кооптондурган жагдайлар да жок эмес. Санариптик берүүдөн пайдалануу үчүн ага төлөө керек болсо, элдин андай мүмкүнчүлүгү чектелүү:

- Техникалык жактан алганда санариптик берүүдө азыркы 1 гана каналдын жыштыгына 4 канал батат. Демек бизде азыркыдан төрт эсе көп жыштыктар пайда болот. Биз аларды колдонуп калышыбыз керек, антпесек аларды бизден алып туруп башкаларга берип коюшат.

Ал эми 5-каналдын генералдык директору Оксана Малеваная болсо, жаңы технологиялардан коркпоо керектигин, баарыбир ага өтүүгө аргасыз болорубузду, санариптик берүү чоң өзгөрүүлөрдү алып келерин айтты:

- Теледеги азыркы көнүмүш нерселер кыйла өзгөрөт. Биринчиден “прайм-тайм” деген абдан популярдуу, реклама берүүчүлөр үчүн кымбат болгон кечки убак болбой калат. Андай түшүнүк жоголот. Көрүүчү өзү каалаган сериалын каалаган убактысында көрсө болот. Андыктан рекламанын формасы, көрүнүшү өзгөрөт.

Кыргызстандын медиа өкүлү Шамарал Майчиев теле жана радионун берүүлөрүн таркатуучу жыштыктар тууралуу маселеге токтолуп, учурда Кыргызстанда бул маселе коомчулуктун көзүнөн жашыруун бойдон турганын, Улуттук байланыш агенттиги бул маселе тууралуу ар дайым кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартып келатканын айтты. Анын маалыматы боюнча, эгер армиясы абдан күчтүү өнүккөн өлкөлөрдө жыштыктардын 80 пайызы коомдук болсо, 20 пайызы гана армияга таандык, ал эми бизде 80 пайыз аскердик жыштыктар болсо 20 пайызы коомдук болуп калган. Ошол себептүү аскердик күчтөр өздөрүнүн жыштыктарына өтүүсү абзел. Бул маселенин мыйзамдык жагын ал төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Байланыш боюнча мыйзамга ылайык жыштыктар боюнча бардык маселелерди Улуттук байланыш агентиги чечет. Бүгүнкү күнү бизде байланыш боюнча мыйзам бар, бирок анда жыштыктарды бөлүү деген сыяктуу маселелерди ачык-айкын көрсөткөн эмес. Андыктан эмне болуп атканын айтуу кыйын. Бирок санариптик берүү табигый процесс, ал мыйзамдарга көз каранды эмес, элдер мыйзам бар-жогуна карабай андан пайдалана беришет.

Меди өкүл институтунун директору Илим Карыпбековдун пикиринде, Улуттук байланыш агенттигинде проблема көп болгондуктан санариптик берүүгө өтүү маселеси жакшылап иштелген эмес:

- Улуттук байланыш агенттигинде иштеген чиновниктер бат-баттан алмашып турат да. Ошондуктан бизде санариптик берүү маселеси таптакыр иштелген эмес азыркы учурга чейин. Эми, 2012-жылы деле биз дароо буга өтүп кете албайбыз, эл аралык коомчулук тараптан кысым болгондо гана кыймылдап баштайбыз. Негизи буга дүйнө коомчулугу чогуу өтүшү керек.

Жалпылап айтканда адистер санариптик берүүгө өтүү үчүн даярдыктын жоктугун, өткөн күндө да мамлекет кайсы бир каналдарды бекер кылуусу керектигин, антпесе карапайым калк сын алыгы көрө албай каларын айтышты.
XS
SM
MD
LG