Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

МАЙЛУУСУУДА ОКУУЧУЛАР КОЛБАСАДАН УУЛАНГАН


Майлуусуу шаарында тамак аштан ууланды деген шек менен түшкө чейин 10 окуучу жана 1 техникалык кызматкер дарыланууда. 19-февралда түштөн кийин тамактангандан кийин 168 окуучу кусуп баштагандыктан, түнү бою медициналык кароодон өткөрүлүп, тиешелүү жардам алышкан соң үйлөрүнө кое берилген. Бүгүн Майлуусусууда эпидемияга жана эпизоотияга каршы турган облустук чукул комиссиянын көчмө жыйыны өттү. Анда балдардын улануусуна тиешелүү деп эсептелген шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, шаардык санитардык башкы дарыгер жана № 5- орто мектептин деректири кызматтан убактылуу четтетилди. Шаар прокуратурасы уулануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Майлуусуу шаарындагы № 5-орто мектептин кенже класстардын 264 окуучусуна 19-февралда түштөн кийин колбаса менен макарондон даярдалган тамак берилген. Көп өтпөй алардын айрымдары көңүлү айланып, куса баштаган. Тамак аштан уулануусу ыктымал деген шек менен түн бир оокумга дейре 168 окуучу ооруканага ташылып, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Ден-соолугу калыбына келген 68 окуучу да эртең менен үйлөрүнө кое берилип, бүгүн түшкө чейин ооруканада мектептин бир техникалык кызматкери менен он окуучу калды. Үпөл Өмүрзакова аттуу келин ууланган баласын күзөтүп олтурду:

- Мектепке келатканда жолдон кусуп келди. Анын ооруканага алып келдик. Келгенде эле капельница беришти.

Кызынын жанында болгон Чопоева аттуу келиндин айтымында мектептеги тамак-аш алдын ала текшерилсе мындай уулануу болмок эмес:

- Күңдөгүсүн күндө текшерип, жаңыдан жасап бериши керек. Мындан кийин ата-энелер гана эмес балдар деле коркуп калат.

Балдар ууланган тамак-аш текшерүүгө жиберилген. Облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун деректири Кадырбек Эргешовдун белгилешинче текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгы 3 күндөн кийин чыгарылат. Майлуусуу шаарында буга дейре суу толук таза болбогондуктан жыл сайын жугуштуу ич келте дарты чыгып келген:

- Оокат жасоосунанбы, же даярдоосунанбы деп ойлоп атабыз. Кызматкерлердин санитардык билимин жогорулатыш керек. Оокатты сактоодо, жасоодо туура технологияны пайдаланыш керек. Ичкелте оорусу кышкы мезгилде бирден-экиден пайда болуп атат, дагы эле коркунучу бар. Суунун тазалоо системасынын начар иштегенинен болуп атат.

Шаарда бүгүн эпидемияга каршы облустук комиссиянын жыйыны өткөрүлүп, анда учурдагы кырдаал талкууланды. Анда сөз алган шаардагы санитардык баш дарыгер Немат Мамбетовдун айтымында балдардын оокатына мектепке 12-февралда келген колбаса пайдаланылган жана оокатка деректир көзөмөл салуусу зарыл болчу:

- 12-февралда алынган колбасаны кармап жетинчи күн болуп атканда берип атат. Анан ууланбаганда эмне болот. Эч кандай документтери жок. Директор күнүнө кабар алып көрүп туруш керек эле да, продуктарлар жаңыбы, кандай болуп атат.

Мектеп директору Сайрагүл Абдуллаеванын түшүндүрмөсү боюнча тамак аш күн сайын текшерилет жана колбаса муздаткычта сакталган:

- Колбаса муздаткычта сакталган. Бирок азыр бизде эки ой пайда болуп атат, ошонун ортосунда ашпозчу бутерброд кылып берген. Кийин өзү кошумча колбаса кошкондугу тууралуу кичине сөздөр болуп атат.

Эпидемияга каршы облкомиссиянын жыйынын алып барган губернатордун орунбасары Камила Талиева балдардын ууланышына жол бергендиги үчүн шаардык билим берүү башчысы менен мектеп директору жана санитардык баш дарыгер кызматтарынан убактылуу четтетилгенин, шаар прокурору окуяга байланыштуу кылмыш иши козголгонун маалым кылды:

- Коллегиянын мүчөлөрү сиздер да айтыңыздар. Бул жерде директор менен горОНОнун түздөн-түз күнөөсү бар. Силердин иштегенге азыр моралдык да укугуңар жок.

Санитардык баш дарыгердин иштен алынышына жыйындагылардын айрымдары каршы болушту.

Түштөн кийин уулануунун белгилери бар делген 31 бала шаар ооруканасына жаткырылды.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG