Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Пакистан президенти Первез Мушараф кызматынан чегинбейт


Пакистандын президенти аны колдогон партия парламенттик шайлоодо жеңилгенине жана оппозициянын талабына карабай отставкага кетүүгө ниеттенбейт. "Уолл Стрит Жорнэл" басылмасынын бүгүнкү санында жарыяланган маегинде, Мушараф кандай өкмөт болбосун иштешүүгө даяр экенин билдирген. 18-февралда өткөн шайлоодо оппозициялык маанайдагы эки партия, атап айтканда декарбда киши колдуу болгон мурдагы премьер- министр Беназир Бхуттонун Пакистан элдик партиясы менен дагы бир мурдагы премьер-министр Наваз Шарифтин партиясы алдыга чыккан эле. Өкмөттүк коалицияны ушул партиялар биригип түзөөрү күтүлүүдө.

АКШ президенти Жорж Буш бүгүн Африканын Гана өлкөсүндө иш сапары менен жүргөн жеринен Пакистандагы шайлоонун жыйынтыгын комментарийлеп, аны "элдин жеңиши" деп атады. Ал ошондой эле Пакистандын жаңы өкмөтү АКШга "дос" жана террорго каршы согушта өнөктөш болоруна үмүттөнөөрүн айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG