Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:29

Жыл жаңыргандан бери Орусияда иштеп жүргөн сегизинчи кыргыз жараны киши колдуу болуп көз жумду. Улутчул жаштардын мындай мыкаачылык жосундарын токтотууга катуу чаралар көрүлүп, ага Орусия менен Кыргызстандын президенттери да таасир көрсөтсүн деген сунуш менен Орусияда жүргөн кыргыз жарандарынын “Кыргыз биримдиги” коомдук уюму билдирүү таратты. Кыргыз парламентинин депутаттары да кырдаалга мамлекеттик деңгээлде баа берүү керек деген ойдо.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуровдун айтымында, Ташкөмүр шаарынын 27 жаштагы тургуну Таир Жаркынбаев 19-февраль күнү кечки саат төрт жарымда мойну менен далысына беш жолу бычак жеп, жан берген.

Элчиликтин кызматкерлери кылмышты иликтеп жаткан тергөөчү менен жолукканда аны ачууга үмүт жараткан илинчек аз экендигин жашырган эмес:


- Акыркы маалымат боюнча, саат төрт жарымда бир жаш жигит Жаркынбаевдин артынан бычак сайып кеткендигин көргөн бир аял тууралуу гана маалымат бар. Аны мындан ары дагы иликтеп, бул улутуна карап жасалган же жөн жерден чыккан чатактан болгон кылмыш экендиги аныкталат.

Райымкул Аттокуровдун айтымында, Орусияда өңү башка адамдарды өлтүрүүнүн саны боюнча кыргыздар тажик, өзбек, украин, молдовандардан кийинки бешинчи орунда турат.

Акыркы кезде мындай мыкаачылыктын күчөшүнөн улам улуттук диаспоралардын 92 өкүлү 19-февралда Москва өкмөтүнө барышып, шаардык ички иштер башкармасынын башчысы Владимир Пронин жана улуттук саясат комитетинин башчысы Алексей Александров менен маселени талкуулашкан.

Кыргыз элчиси да Москванын ички иштер башкарма башчысынын биринчи орун басары Александр Иванов менен жолугушканда Кыргызстандык жарандардын өлүмүн иликтөө үчүн кесипкөй мыкты тергөөчүлөрдөн турган атайын топ түзүлгөндүгүн жана Москва аймагы боюнча “Скинхед” деген операция жүргүзүлүп жаткандыгын жана аталган кылмыштарды ачуу боюнча жасалып жаткан иштер 28-февралда боло турган биргелешкен жыйында каралаарын кабарлаган.

Албетте, Москва өкмөтүнүн мындай аракети жүрөгү үшүп турган кыргыз жарандарын бир аз сооротот, бирок анын тамырын жоюуга аракет көрүү бышып жетти деген ойлор Кыргызстанда күч алып барат. Жогорку Кеңештин депутаты Бегалы Наргозуевдин баамында, парламент менен өкмөт Орусиянын жогорку бийлигине буга чейин эле расмий түрдө кайрылышы керек болчу:

- Ушундай кылмыштар жаңы башталганда эле реакция жасайлы десек биздин жалтаңдаган позициябыздын, көнүп калган адатыбыздын негизинде улам чоюлуп келатат. Биз канчалык жалтаңдап, коркуп чойгон сайын күнүнө кол салуулар болуп жатат. Биз бул ооруну канчалык жашырган сайын өлүм ашкере кыла берет. Биз мурдагыдай болуп, аларга ага катары, өзүбүздү ини катары карай берген менен тыюуга жардам бербейт. Мындан коркпой, жалтанбай эле ачык айтып чыгып, дипломатиялык жана башка жолдор менен чараларды көрүүгө аракет кылышыбыз керек.

Б.Наргозуев Орусиянын Мамлекеттик Думасына кайрылуу маселесин депутаттар бүгүн же эртең карарын да билдирди.

Саясат таануучу Жолборс Жоробеков болсо мамлекеттик бийлик тарабынан расмий билдирүү жөнөтүп, эки мамлекеттин бийликтерин бейпайга салуунун зарылдыгы жок деген пикирде:

-Бул, албетте, табигый процесс. Адамдын күнү-суусу бүтсө Бишкекте, айылында же тоодо жүрөбү өмүрү өчөт. Бирок, мындай нерселерден элдердин ортосундагы опурталдуу учурларды пайда кылуу туура эмес. Албетте, өзүбүздүн балдар да Кудай деп, тартынып жүрүшү керек. Аны токтотуу боюнча Орусияга ультиматум сыяктуу нерселерди жиберүү керек дегенден мен алысмын. Ажал жеткен жерде өлүм болот. Мындан чоң саясат чыгарыш туура эмес.

Ал эми Миграция жана иш берүү боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Айгүл Рыскулова такырбаштардын жосунун анык ксенофобиянын көрүнүшү деп баалап,аны токтотуунун жолу тууралуу:

- Жазасыз калтырбоо гана ушундай кылмыштарды токтото алат. ,- деп, Орусиядагы улутчулдардын кыжырын экинчи толкун менен барып жаткан билимсиз, орус тилин билбеген жаштар кайнатышы мүмкүн экендигин баса белгиледи.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Райымкул Аттокуров болсо элчиликтин кызматкерлери кыргыздар топтошуп жашаган аймактарды 23-февралдан тарта атайын түзүлгөн график менен кыдырып, коопсуздук чараларын көрүүгө чакырууга мажбур экендигин билдирди.

Анткен менен Орусиянын Илимдер Академиясынын этнология институтунун кызматкери Виктор Шнирельман улуттук негиздеги кылмыштардын күчөшүнө Орусиядагы саясий партия менен кыймылдардын жана Думада отурган айрым депутаттардын колдоосу шыкак берип жаткандыгын “The New Times” агенттигине берген интервьюсунда билдирди.
XS
SM
MD
LG