Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

ОРУС БИЙЛИГИ ӨКМӨТТҮК ЭМЕС УЮМДАРГА КЫСЫМ КӨРСӨТҮҮДӨ


Муса Мураталиев, Москва Эл аралык адам укугун коргоочу «Human Rights Watch» уюмунун аткаруу катчысы Кеннет Рот кечээ Москвада өтө турган маалымат жыйынына келе алган жок. Рот Нью-Йорктон телефон аркылуу Интерфакс агенттигине билдиргенге караганда, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги орусиялык виза алуу үчүн ага башка талап койгон. Ал Москвада өткөнү жаткан маалымат жыйынында «Human Rights Watch» уюмунун орусиялык бийликтин өкмөттүк эмес уюмдарга карата болгон саясатын чагылдырган билдирүү менен чыкмак. Доклад «Укуругу узун бюрократия – көз карандысыз атуулдардын активдүүлүгүнө каршы турган мамлекет» деп аталат.

Эл аралык адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Вотч уюмдун жетекчиси Кеннет Роттун Москвага келүүсүнө орусиялык бийлик уруксат берген жок. Аталган уюм быйыл чыгарган жыйынтыгын жарыялап, журналисттер алдында Орусиянын аткаруучу бийлик ыргыткан укурук өкмөтүк эмес уюмдар моюнуна чалынчу болду деген шааниде, андай жоруктарды айгинелеп көргөзүп, кенен-чонон сөз сүйлөмөк экен.

СССР кезден бери биринчи жолу Хьюман Райтс Вотч өкүлү Орусияга келе албай калганын жашырбайт Кеннет Рот:

-Мен үчүн бул, 1997-жылы Нигерия виза бербей койгонду кошпогондо, биринчи жолку виза бербей коюу болду. Ушунун өзү да Орусияда биз докладда көргөзгөндөй, өкмөттүк эмес уюмдарга ыгы жок асылуу болорун айгинелеп турат, - деген.

Орусияда өкмөттүк эмес уюмдарды кысуу президент Путиндин демилгеси менен 2005-жылы мурдагы мыйзамга оңдоолор киргизүү болгондон соң башталган.

Орусияда авторитардык тенденция күчүнө кирип бараткан чакта өкмөттүк эмес уюмдардын ишкердигине болбогон шылтоолор менен кийлигишүү, аларды кыйкым таап жаап салам деп коркутуу жана жаап салуу да болуп атканы докладда айтылган.

Хьюман Райтс Вотч келтирген мисалдар арасында Мананы Асламазян жетектеген «Сабаттуу медиа» уюмуна каршы кылмыш иши козголуп акыры ал уюмдун жабылууга аргасыз болушу, «Беслан үнү» уюмун, «Эл аралык коргонууга көмөк көргөзүү борборун» бийлик кысымга алып жаптырышы жана башкалар бар.

Орусияда каттого алуучу кызматы өкмөтүк эмес уюмдардын кимисине болбосун кандайдыр бир шылтоо менен эскертүү жасайт экен. Ошол эскертүүнүн негизинде кийин аны сотко бере да алат. Ошондой жол менен кийинки учурда ал кызмат кийлигишип, жаптырган өкмөттүк эмес уюмдардын эсеби 2300гө жеткен.

Алардан тышкары 60 миңден артык өкмөтүк эмес уюмдар эскертүү алып, алар да жоюлушубуз мүмкүн деген ыпылдоонун алдында. Алардын бири ар жыл сайын Чеченстан менен Ингушетиядагы жагдай боюнча талдоо жүргүзүп, маалымат таркатчу борбор экенин айтышат.

XS
SM
MD
LG