Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:02

ООГАНСТАНДА АЯЛДАР УКУГУН КОРГООЧУ ПАРТИЯ ТҮЗҮЛДҮ


Ооганстанда аялдар маселеси жана укуктары менен алектенүүнү көздөгөн алгачкы саясий партиянын түзүлүшүн Кабулдагы саясий чөйрө кубаттады. Анткен менен айрым аял активисттердин өзү да партия баш каала Кабулдан сырткаркы аймактарда кандайдыр бир маанилүү ийгиликке жете аларынан күмөн санап турушат. Мунун бир жүйөөсү - коомдо эскичил салттардын бекем орун-очок алып калганы.

Ооганстанда "Улуттук муктаждык" деп аталган жаңы партиянын жаралганы тууралуу ушул аптада Кабулдагы салтанатта жарыяланды. Партиянын төрайымы, ооган парламентинин депутаты Фатима Назаринин айтымында, бул саясий бирикме аялдардын маселесине көңүл буруу менен өлкөдө тынчтык жана демократияны орнотууну көздөйт:

-Менин ишенимимде аялдар эркектерге караганда өз көйгөйлөрүн жакшыраак түшүнөт. Биз демократия жөнүндө сүйлөп гана тим болбостон, ал үчүн өнөктүк өткөрөбүз. Бул багытта бир туугандарыбыз, ооган коомунун кеңири катмары менен иштешебиз.

Партия лидери кошумчалагандай, алардын максаты - аялзатынын өкүлдөрү Ооганстандын саясий, экономика, бизнес чөйрөсүнө көбүрөөк аралашуусуна жетишүү. Жаңы партиянын Кабулда, Пактика, Вардак, Гильменд жана башка провинцияларда катталган мүчөлөрүнүн саны 22 миңден ашып калды,ал болочоктогу парламентик шайлоого катышууну да ниети кылууда. Ооган парламентинин депутаттары, башка саясатчылар, расмий өкүлдөр өлкөдө аялдардын туңгуч партиясынын түзүлүшүн "демократияга жана аялдар укугун таанууну көздөй дагы бир кадам" катары кубатташты. Кызык жери, ооган парламентинде азыр аялдардын саны салыштымалуу көп эле экен. Жогорку палатадагы 100 орундун 23, төмөнкү палатадагы 249 орундун 68 аялдарга таандык.

Анткен менен жаңы партиянын аялдардын саясатка аралашуусу боюнча алдына койгон максаттары Кабул, Мазари- Шариф, Герат өңдүү чоңураак шаарлардын башка аймактарда иш ашарынан күмөн санагандар да жок эмес. Өлкөнүн түндүгүндөгү Паншир провинциясындагы аял активисттердин бири Мария Паншери "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ооган кызматы менен маегинде партия ооган аялдарынын жашоосуна чыныгы өзгөртүү алып келе албасын, программалары менен максаттары кагаз жүзүндө эле каларын белгиледи:

-Менимче, Оооганстанда аялдар уюмдары аялдардын жашоосунда маанилүү роль ойнобойт. Мен мындай топтор аялдардын экономикалык жактан бакыбатчылыгы, укуктары, саламаттыгы үчүн күрөшөөрүнү ишене албайм. Мен реалдуулукту гана айтып жатам.

Бул укук коргоочу активист кошумчалагандай, Ооганстандын калкынын баары эле ондогон жылдарга созулган согуштан, жакырчылыктан азап чекти, бирок аялдар катмары өзгөчө аялуу. Жалпы коом туш болгон кризистердин негизги натыйжасы - аялдар социалдык, саясий, коомдук турмуштан такай четтетилгенине чыдап келгени.

Талибан режими кулагандан бери бүткүл өлкө боюнча миллиондогон кыздар мектепке кайтып, аялдардын билим алуу,ишке орношуу мүмкүнчүлүгү жакшырганы менен үйдөгү зордук –зомбулуктун деңгээли, эгер мурдагыдан кайра күчөбөсө, өзгөрбөгөндүгүн ооган бийликтери да моюнга алат.

Малолай Рушандил Османи Балк провинциясында Ооган аялдарынын укугун коргоо фонду деген бейөкмөт уюмду жетектейт. Ал эскичил каада-салт бекем сакталган түштүк жана чыгыш провинцияларда аялдар менен иштешүү өзгөчө кыйын экенин белгиледи:

-Качан биз кыштакка барганда, эң биринчи кезекте жегиликтүү аксакал жана диний башчы менен сүйлөшбүз. Алардын уруксатынан кийин гана үй-блөлөр менен аңгемелеше алабыз. Аялдар иши менен аялдар жакшы алектенерине баары эле макул болсо керек.

Укук коргоочу Османи ошондой эле жаңы партия башка бейөкмөт уюмдар менен бирдикте ооган аялдарынын жашоосуна оң өзгөрүүлөрдү алып келе аларына азырынча үмүттөнүп гана турарын айтат.

Аялдардын бейөкмөт уюмдары жана ооган өкмөт жакында 2012-жылга карата өкмөттүк кызматтардын 30 пайызын аялдарга берүүнү караган стратегияны сунуш кылышты.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG