Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Кечээ Коомдук парламенттин алгачкы отуруму болуп өттү. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын айрым суроолоруна Коомдук парламенттин мүчөсү, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Мирослав Ниязов жооп берди.

-Мирослав мырза, Коомдук парламенттин кечээги жыйынында Кыргызстандын суу ресурстары жана энергетика маселелери каралды. Анда энергия объктилерди жеке менчикке өткөрүп берүүдөн бийлик баш тартышы керек деген пикирлер айтылды. Өлкө үчүн маанилүү ушундай объектилерди сатуу Кыргызстанга кандай кедергисин тийгизиши мүмкүн?

- Эгемендүүлүктү алгандан бери бийликке келген адамдар саткандан башка эч нерсени билбегенсип, Акаев Кумтөрдү сатып, башынан баштап бүгүнкү күнгө чейин чыр-чатактан чыкпай жатабыз. Азыркы бийлик келип, четинен энергетиканы сатабыз деп жатат. Биз адашпашыбыз керек. Энергетика биздин флагманыбыз. Эң алдыда турган өнөр-жайыбыз. Бул энергетикага биздин келечегибиз, керек болсо, коопсуздугубуз көз каранды, бул тышкы саясатка таасир кыла турган нерсе. Анан четинен чымчып эле сата берсек, бир күндөрү кыргыз эли алаканын жайып отуруп калышы мүмкүн. Энергетика жагынан биринчи кезекте стратегияны ойлоп чыксак. Келечегибизде ушул энергетиканы кандай пайдаланышыбыз керек? Ошол бир тармактарды сатканга мажбур болобузбу, же лицензия берип, электр энергияны сатканга айрым фирмаларга мүмкүнчүлүк беребизби? Мына ушуларды ойлоп көрүшүбүз керек.

-Жыйында энергия объектилери сатылбашы керек деп айтылды. Анын негизинде резолюция кабыл алынды. Анда ошол энергетикалык секторду жең ичинен сатууга жол берилбесин деген талаптар коюлган экен. Эми бул талаптарга расмий бийлик көңүл бурат деп ойлойсузбу?

- Көңүл бурбаса деле, көңүл бурган күнү дагы биз ошону элге жеткиришибиз керек. Анткени бул элдин байлыгы. Бул жалаң эле бийликтин байлыгы эмес да. Биз келечегибизди ойлошубуз керек. Ошону элге жеткирип, ушуну токтотуш керек болуп жатат. Биз бүгүн стратегияны ойлобой энергетиканы четинен чымчып сата баштасак, эртеси күнү биздин ички жана тышкы саясатыбызга өтө чоң коркунуч келет. Биз көп нерседен ажырап калышыбыз мүмкүн.

-Анткен менен адилет министри Марат Кайыпов Коомдук парламенттин ишин мыйзамсыз деп атабадыбы. Буга чейин ушундай эле пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров дагы билдирген. Анда ушул жагдайдан алып караганда сиздер кабыл алган чечимдер канчалык мыйзамдуу?

- Ошол Марат Кайыповго дагы суроо берем: Бүгүнкү иштеп жаткан парламент мыйзам жолу менен келдиби, же мыйзамсыз жол менен келдиби? Буга дагы эл тараза, муну өзү деле билсе керек. Бирок мен айтышым керек, демократия, базар экономикасын кыргыз эл ойлоп тапкан эмес. Биз дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан процесстерге кошулуп келатабыз. Ошон үчүн демократия дегенде эл бир адамдын акылы менен жашабайт. Улуттун, элдин ичинен чыккан акылдуу, тажрыйбасы көп, интеллектиси жогору адамдар ушул мамлекеттин келечегин чечет. Ошондо абдан эффективдүү жолду табышат. Ушул улуттун акылдары чогулуп, келечегин караган жол менен Америка, Батыш Европа өнүп-өсүп келүүдө. Биз болсо, бир адамдын акылына ишенип, бүгүнкү күнгө чейин эмнеге келдик? Мамлекетибизди бекемдебей, тескерисинче бошотуп жатабыз.

-Мирослав мырза, резолюция кабыл алуу менен Коомдук парламент кандай максаттарды көздөп жатат?

- Биринчи максат - элге жеткириш керек. Экинчи максат - жалпы элибиздин, жерибиздин кызыкчылыгын коргош керек. Бүгүн парламент мыйзамсыз жол менен келген үчүн бийлик жүргүзүп жаткан саясатка анча ишеним болбой жатат. Ошондуктан бул жерге чогулган эр-азаматтар, кыз-келиндер кайдыгер адамдар эмес. Биз Кыргызстандын келечегин ойлогон адамдарбыз. Үнүбүздү элге жеткириш - биздин эң негизги максатыбыз.

-маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG