Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:23

17:00 Барскоондуктар жолду оңдоп берүү талабы менен “Кумтөр” ишканасына кайрылышты


Барскоон айылындагы Сөөк жолун Жана көпүрөлөрдү дагы «Кумтөр» оңдоп берүүгө милдеттүү деген эл айылга жергиликтүү бийликти Жана «Кумтөрдүн» өкүлү Рахим Кадыровду чакырып талаптарын айтты. Губернатор Кыдыкбек Исаев бул иш чечиле турганын айтып, түшүм үчүн төлөнгөн 28 млн. сомдун эсебин сурады. Анын 15 млн. 200 миң сомун барскоондук фермерлер кредиттик союз уюштурууга жумшаларын айтты эле, эл колдоду. Калган 13 млн. сом дагы башка айылдарга бөлүнөөрү аныкталды. Жыйында элге компенсация өндүрүп бердик деп бир миллион сом акчаны алган Эркингүл, Бактыгүл Иманкожоеваларга нааразылык айтылды. Демилгелүү топтон Абдыкалый Асанкулов райондук ички иштер бөлүмү аларга козгогон кылмыш ишинин аягына чыксын деди. (RB)

XS
SM
MD
LG