Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

17:25 Т. Жунушалиев: Карасуу районунун айрым айыл тургундарын коопсуз жайларга көчүрүү керек


Карасуу районунун Лаңгар, Бекжар, Карасөгөт, Тогузбулак айылдарынын жашоочуларын коопсуз жайларга токтоосуз көчүрүү шарт. Бул туурасында өзгөчө кырдаал министринин орун басары Турат Жунушалиев 21-февралда «Азаттыкка» билдирип, аталган аймактарга мектеп, башка социалдык-маданий жайларды курмак түгүл там салууга мүмкүн эместигин кошумчалады. Ошондой эле жер титирөөдөн жабыркагандарга жаңы чек ажыратылмайынча, аларга бир нерсе убада кылбоону өтүнүп Ош облус губернатору Аалы Карашевге, район акими Токтосун Бармановго кайрылуу жолдогондугу да маалым болду. Карасуу районуна караштуу Лаңгар айылынын башчысы Кубатбек Маликов 310 түтүн эл эч жакка көчпөй тургандыгын, тескерисинче өкмөт жер участогу, ссуда, курулуш материалдары маселелерин эртелетип чечип берүүсүн талап кылып жатышкандыгын эске салды. (АТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG